Иса Өмүркулов өлкөдөн чыгып кеттиби? КСДП фракциясынын жообу

Жазылуу
Өмүркулов учурда Люксембургда.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов депутаттык топтун курамында Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча парламенттик ассамблеянын сессиясына катышуу үчүн Люксембургга кеткен. Бул тууралуу аталган фракция билдирди.

Социалдык тармактарда Өмүркулов "шашылыш өлкөдөн чыгып кетти" деген маалымат жарыяланган.

Жогорку Кеӊештин Кыргызстан фракциясынын депутаты Урматбек Самаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Искендер Матраимовдун ЖК комитетиндеги ордуна Урматбек Самаев келди
Билдирүүнү КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Темирлан Султанбеков жазган. Комментарийлерде Өмүркулов мурунку президенттин тарапташтары 3-июлда өткөрө турган митингден улам качып кетти деп да жазышкан.

Фракциянын катчылыгы Люксембургдагы сессия 4-8-июль күндөрү өтө турганын белгилеп, Өмүркулов кыргызстандык делегацияны жетектеп кеткенин айтты. Курамында депутаттар Бакыт Төрөбаев, Каныбек Иманалиев жана парламент аппаратынын башка кызматкерлери бар.

Сессиянын алкагында туруктуу комитеттин, ассамблеянын саясий жана коопсуздук, экономикалык, илимий маселелер, айлана-чөйрө, технология, адам укугу, гуманитардык маселе боюнча жалпы комитеттеринин жыйыны пландаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0