Жээнбеков: кутулуп кетем деп ойлобогула, тынчтык бербейм!

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков на совещании по вопросам судебно-правовой реформы в стране
Президент КР Сооронбай Жээнбеков на совещании по вопросам судебно-правовой реформы в стране - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда жаңы институттарды киргизүүнү, тергөө бөлмөсүн жана сот отурумдары өтүүчү залдарды санариптештирүүнү караган жаңы беш кодекс жана эки мыйзам күчүнө кирген.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Соттук реформа аягына чыгып, натыйжасын эл жон териси менен сезмейинче тынчтык бербейм. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 2-июлда өткөн өлкөдөгү сот-укуктук реформа маселелери боюнча кеңешмеде эксперттик топтун мүчөлөрүнө кайрылып жатып айтты.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУчастники совещания по вопросам судебно-правовой реформы в Кыргызстане
Соттук реформа аягына чыгып, натыйжасын эл жон териси менен сезмейинче тынчтык бербейм - Sputnik Кыргызстан
1/3
Соттук реформа аягына чыгып, натыйжасын эл жон териси менен сезмейинче тынчтык бербейм
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков на совещании по вопросам судебно-правовой реформы в стране
Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 2-июлда өткөн өлкөдөгү сот-укуктук реформа маселелери боюнча кеңешмеде эксперттик топтун мүчөлөрүнө кайрылып жатып айтты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 2-июлда өткөн өлкөдөгү сот-укуктук реформа маселелери боюнча кеңешмеде эксперттик топтун мүчөлөрүнө кайрылып жатып айтты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУчастники совещания по вопросам судебно-правовой реформы в Кыргызстане
Жыйында сотко чейинки жана соттук өндүрүштү санариптештирүү, тергөөчү судья, пробация институттарын киргизүү маселелери, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, Эреже бузуулардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүүнүн учурдагы абалы талкууланды. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Жыйында сотко чейинки жана соттук өндүрүштү санариптештирүү, "тергөөчү судья", "пробация" институттарын киргизүү маселелери, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, Эреже бузуулардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүүнүн учурдагы абалы талкууланды.
1/3
Соттук реформа аягына чыгып, натыйжасын эл жон териси менен сезмейинче тынчтык бербейм
2/3
Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 2-июлда өткөн өлкөдөгү сот-укуктук реформа маселелери боюнча кеңешмеде эксперттик топтун мүчөлөрүнө кайрылып жатып айтты
3/3
Жыйында сотко чейинки жана соттук өндүрүштү санариптештирүү, "тергөөчү судья", "пробация" институттарын киргизүү маселелери, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, Эреже бузуулардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүүнүн учурдагы абалы талкууланды.

Жыйында сотко чейинки жана соттук өндүрүштү санариптештирүү, "тергөөчү судья", "пробация" институттарын киргизүү маселелери, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, Эреже бузуулардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүүнүн учурдагы абалы талкууланды.

Жээнбековдун айтымында, сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн зарылдыгы коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу маселелери бүгүнкү күнгө чейин чечилбей жатканынан улам келип чыккан. Ал көйгөйлөрдү атап, жүргүзүлүп жаткан реформаны тездетүү чараларын активдештирүү зарылдыгын баса белгиледи.

"Укук колдонуучулар жаңы форматта иштөөгө өтпөй, ката кетирип коюудан коркуп, жаңы өзгөртүүлөрдү колдонбой жатышат. Жооптуу адамдар ушул мезгилге чейин реформанын концепциясын түшүнбөй, кол астындагыларына убагында зарыл түшүндүрмөлөрдү бере алышкан жок. Айрым укук коргоо органдарынын жетекчилери өздөрү анын негизги багыттарын түшүнбөгөнү өкүнүчтүү", — деди президент.

Ал өлкөдө башталган сот-укуктук реформа кагаз жүзүндө эле калат деген жарандардын тынчсыздануусу пайда болгонуна көңүл бурду.

Евро жана доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Cот реформасына бөлүнгөн 14 млн. евро грант "жоголду". Иликтөө башталды
"Өткөн жылдын декабрында сиздер бардык пландалган иш-чаралар өз убагында ишке ашат, бардык тендерлер өткөрүлүп, жер-жерлерге жабдуулар коюлат, Кылмыштар жана Эреже бузуулар реестрлери ишке киргизилет, интернет бүт жерге жеткирилет деп айткансыздар. Бирок реестр, санариптештирүү, тендер, электрондук жабдууларды орнотуу боюнча иштер аксап жатат", — деп белгиледи өлкө башчы.

Президент бардык уюштуруу иш-чараларын өз убагында каржылоону камсыз кылуунун, бөлүнгөн каражатты натыйжалуу пайдалануунун, жакынкы болочокто аткарылчу иштерди так пландоонун маанисин белгиледи.

"Каржылоону создуктуруу учурлары бар, реформа боюнча иш-чаралар планы жок. Бирок жалпысынан алганда реалдуу проблемалар анча деле көп эмес. Аларды чечүү үчүн кошумча аракеттер керек, принципиалдуу тоскоолдуктар жок. Сиздер отчёт берүү менен эле кутулуп кетем деп ойлобогула. Бул реформа аягына чыкмайынча, анын натыйжаларын жарандарыбыз жон териси менен сезмейинче силерге тынчтык бербейм. Бул реформа өлкөбүз үчүн өтө керек", — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Кеңешмеде эксперттик иш тобунун мүчөлөрү мамлекеттик органдардын жетекчилерин окутуу сапаты төмөндөп, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин спецификасы боюнча сапатсыз жабдууларды сатып алуу (компьютерлер, тергөөчүлөрдүн кабинеттери үчүн видеокамералар) фактылары бар экенин айтышты. Мындан тышкары, пробация системасын түзүүдө, сот-укуктук реформанын иш-чараларына донорлордун жардамын тартууда аракеттер бир топ чабал болуп жатканын белгилешти.

Жогорку соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Токбаева: сот системасында реформа жүрбөй жатат дегендер жаңылат
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча ишке тартылган мамлекеттик органдарга өлкөдө соттук-укуктук реформанын жүрүшүн тездетүү боюнча тийиштүү протоколдук сунуштар жана тапшырмалар берилди.

Жээнбеков өкмөткө ыкчам тартипте Жол картасын иштеп чыгууну жана аны мындан ары илгерилетүүнү камсыздоону тапшырды.

Келерки ушундай кеңешме, президенттин тапшырмасына ылайык, 2019-жылдын октябрь айында өтөт.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда жаңы институттарды киргизүүнү, тергөө бөлмөсүн жана сот отурумдары өтүүчү залдарды санариптештирүүнү караган жаңы беш кодекс жана эки мыйзам күчүнө кирген.

Буга байланыштуу президенттин демилгеси менен соттук-укуктук реформанын алкагындагы иш-чараларды натыйжалуу аткарылышын көзөмөлдөө үчүн атайын эксперттик жумушчу тобу түзүлүп, иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0