Асылбек Жээнбековдун мурдагы кеңешчиси Конституциялык палатага төрага болду

© Фото / официальный сайт Конституционной палаты КРКонституциялык палата. Архив
Конституциялык палата. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карыбаев аталган палатага судья болуп дайындалганына 10 гана күн болгон.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Конституциялык палатага жаңы төрага жана анын орун басары дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Буга мурдагы жетекчиликтин мөөнөтү аяктаганы себеп болгон.

1-июлдан тарта кызматка киришкен жаңы жетекчиликтин курамы:

  • Төрага — Карыбек Дүйшеев;
  • Орун басары —Эмил Өскөнбаев (буга чейин Кубанбек Кыргызбаев болчу);
  • Катчы-судья — Меергүл Бобукеева (өз ордунда калды).

Эске салсак, Конституциялык палатанын жетекчилиги үч жылга шайланат. Буга чейинки төрага Эркинбек Мамыров 2016-жылдын 1-июлунан ушул жылдын 30-июнуна чейин иштеди.

Карыбаев аталган палатага судья болуп 2019-жылдын 20-июнунда гана дайындалган. Баса, ал 2013-2014-жылдары Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы, депутат Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0