Жээнбеков менен Абылгазиев айлык акыны көтөрүү маселесин талкуулашты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июнда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июнда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент казынанын киреше бөлүгүн толук аткарбаган мамлекеттик органдардын жетекчилери жоопкерчилик тартышы керектигин белгилеген.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июнда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков на встрече с премьер-министром Мухаммедкалыем Абылгазиевым
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июнда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
1/2
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июнда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПремьер-министром Мухаммедкалый Абылгазиев на встрече с президентом КР Сооронбаем Жээнбековым
Билдирмеге караганда, мамлекет башчы менен премьер-министр пенсияны жогорулатуу жана социалдык тармактын кызматкерлерине айлык акыны көбөйтүү жана аны ишке ашыруу мөөнөтүн талкуулашкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Билдирмеге караганда, мамлекет башчы менен премьер-министр пенсияны жогорулатуу жана социалдык тармактын кызматкерлерине айлык акыны көбөйтүү жана аны ишке ашыруу мөөнөтүн талкуулашкан.
1/2
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июнда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту
2/2
Билдирмеге караганда, мамлекет башчы менен премьер-министр пенсияны жогорулатуу жана социалдык тармактын кызматкерлерине айлык акыны көбөйтүү жана аны ишке ашыруу мөөнөтүн талкуулашкан.

Билдирмеге караганда, мамлекет башчы менен премьер-министр пенсияны жогорулатуу жана социалдык тармактын кызматкерлерине айлык акыны көбөйтүү жана аны ишке ашыруу мөөнөтүн талкуулашкан.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдардын аткарылышына өкмөт өзгөчө көңүл бурушу керектиги белгиленген.

"Казынанын киреше бөлүгүн толук аткарбаган мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышы керек", — деп кошумчалаган президент.

Мамлекет башчы мындан башка дагы бир катар маселелерге көңүлүн бурду. Алар:

— Аймактык өнүгүү, мамлекеттик органдардын ишмердигин санариптештирүү, анын ичинде салыктык процедураларды фискализациялоо жана "Түндүк" ведомство аралык электрондук системаны киргизүү, "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча чараларды тездетүү зарыл;

— Коопсуздук кеңешинин санариптештирүү жана жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча чечимдеринин аткарылышы жетиштүү көзөмөлдөнбөй жатканы;

Встреча Сооронбая Жээнбекова с участниками заседания Комитета секретарей Советов безопасности государств-членов ОДКБ - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: терроризм менен биргеликте күрөшүшүбүз керек
— Россия, Кытай, Индия, Германия менен мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ишин координациялоо;

— Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү үчүн алардын тизмеси түзүлүшү зарыл;

— Райондук борборлордо жолдорду оңдоо, Түндүк-Түштүк, Бишкек

— Кара-Балта, Ош — Баткен — Исфана — Худжант жана башка республиканын негизги автожолдорун куруунун жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү.

— Өнөр жай жана ишкердик боюнча комитеттин биринчи отурумунда бизнес өкүлдөрү тарабынан бир катар маселелер көтөрүлгөн. Алардын чечилиши өкмөткө жүктөлгөн. Аткаруу бийлиги тарабынан иш-чаралардын так планы түзүлүп, аны ишке ашырууга бардык чаралар көрүлүшү абзел;

— Республикалык бюджеттин толтурулушу боюнча пландык көрсөткүчтөрдү толук көлөмдө аткаруу жана мамлекеттик казынанын чыгаша бөлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеш экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган мыйзам демилгелеринин бардык пакеттерин колдоп бергенин билдирди.

Ошондой эле премьер-министр президент көңүл бурган багыттардын бардыгын ишке ашыруу катуу көзөмөлгө алынарын убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0