Жээнбеков: терроризм менен биргеликте күрөшүшүбүз керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча Сооронбая Жээнбекова с участниками заседания Комитета секретарей Советов безопасности государств-членов ОДКБ
Встреча Сооронбая Жээнбекова с участниками заседания Комитета секретарей Советов безопасности государств-членов ОДКБ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент менен жолугушуу бейшемби күнү Бишкек шаарында болду.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Терроризм менен күрөшүүдө натыйжалуу жыйынтыктарга коллективдүү жол менен гана жетишүүгө болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчылары менен жолугушууда айтты.

Өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, бул максатта аскердик-саясий, финансылык жана идеологиялык кызматташтык керек.

"Жамааттык коопсуздукка коркунучтар жаралууда. Алар ар кандай масштабда болуп, айрым учурларда биздин өлкөлөрдө да пайда боло калып жатат. Биринчи кезекте терроризм жана экстремизм. Айрым күчтөр тараптан терроризмди колдоо болуп жатканы белгилүү", — деди Жээнбеков.

Ошондой эле президент террористтик жана экстремисттик топторго тиешеси бар жарандар мурда жашаган жерлерге кайтып келип, коркунуч жаратып жатканын кошумчалады.

"Согушчандардын башчылары өздөрү түзгөн топтордун потенциалын сактап калуу аракетинде кайрадан топторду түзүп, өз күчтөрүн жана каражаттарын ЖККУнун тышкы аймактары менен чектешкен өлкөлөргө жөнөтүп жатышат. Биринчи кезекте — бул Афганистан. Бүгүн Афганистандын аймагы региондогу абалды чайпалтууга кызыкдар күчтөрдүн таянар тоосу болуп турат", — деди мамлекет башчы.

Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Рахмон чек ара маселесин чечүүнү тездетмей болушту
Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков тажик-афган чек арасын бекемдөө боюнча документтерди ишке ашыруунун маанисин белгиледи.

Жолугушууга Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян, Беларусь Коопсуздук кеңешинин мамлекеттик катчысы Станислав Зась, Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы, президенттин жардамчысы Калмуханбет Касымов, Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, Тажикстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Махмадали Ватанзода, ЖККУнун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0