Жамшитов Атамбаевге коюлган айыптар боюнча кандай корутунду чыкканын айтты

© Фото / Пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморовБашкы прокурор Өткүрбек Жамшитов. Архив
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокурор Жамшитов мурдагы мамлекет башчысы Атамбаевге тагылган айыптар өтө оор кылмыштардын катарын толуктай турганын белгиледи.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлуп жаткан айыптар боюнча корутундуну парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Ал Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 20-июнундагы "КРдин экс-президенти Алмазбек Атамбаевди статусунан ажыратуу үчүн күнөө коюу жөнүндө" токтомунда көрсөтүлгөн айыптоолор боюнча төмөнкү корутундуга келгенин белгиледи. Алар:

Подготовка ТЭЦ Бишкека к зиме - Sputnik Кыргызстан
Мыйзамга каршы көрсөтмө берген. Атамбаевге ТЭЦ боюнча кандай айыптар коюлууда
1. "Бардык бийлик бутактарын өз кызыкчылыгында колдонуу, уюшкан кылмыштуу топ түзүү, анын режимине каршы чыккан Жогорку Кеңештин депутаттарын, судьяларды, коомдук ишмерлерди, ошондой эле журналисттер менен ЖМКнын өкүлдөрүн куугунтуктоо жана репрессиялоо" деген күнөө коюу боюнча сот органдарынын жогорудагы чечимдери кызыкдар тараптардын арыздарынын негизинде жана жаңы ачылган жагдайлар боюнча бузулган учурда, ошондой эле укук коргоо, көзөмөлдөө жана сот органдарынын кызматкерлеринин аракеттеринде кандайдыр бир кылмыштын курамы бар экендиги аныкталып, буга экс-президент Атамбаевдин катыштыгы такталган шартта гана ага күнөө коюу маселеси каралууга жатат.

2. Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алуу жана пайдаланууга багытталган экс-президент Атамбаевдин КРдин президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде жасаган аракеттеринде КРдин Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү менен каралган кылмыштын белгилери бар. Ал КРдин Жазык кодексинин 19-беренесине ылайык, өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирет.

3. Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга кийлигишүү боюнча КРдин экс-президенти Атамбаевдин КРдин президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде жасаган аракеттеринде КРдин Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери бар. Ал КРдин Жазык кодексинин 19-беренесине ылайык, өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирет.

4. Мыйзамсыз баюуга багытталган КРдин экс-президенти Атамбаевдин КРдин президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде жасаган аракеттеринде КРдин Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери бар. Ал КРдин Жазык кодексинин 19-беренесине ылайык, өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирет.

Видеотрансляция — ЖК рассматривает вопрос о снятии неприкосновенности с Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратты. Түз алып берүү соңуна чыкты
5. Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашырууда коррупциялык фактыларга катыштыгы боюнча КРдин экс-президенти Атамбаевдин КРдин президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттеринде КРдин Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү менен каралган кылмыштын белгилери бар. Ал КРдин Жазык кодексинин 19-беренесине ылайык, өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирет.

6. Бишкек ТЭЦине көмүр жеткирүү маселелерине мыйзамсыз кийлигишүү боюнча КРдин экс-президенти Атамбаевдин КРдин президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттеринде КРдин Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери бар. Ал КРдин Жазык кодексинин 19-беренесине ылайык, өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирет.

Өткүрбек Жамшитов депутаттык комиссия тарабынан белгиленген айыптардын дээрлик бардыгында мыйзам бузуунун белгилери бар экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0