Ситуация около дома экс-президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш. 2 день - Sputnik Кыргызстан

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жанында эмне болуп жатат? 2-күн

Жазылуу
Бүгүн, 2019-жылы 27-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаев экс-президент статусунан ажыратылды.

Бүгүн, 2019-жылы 27-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаев экс-президент статусунан ажыратылды. Ага 103 депутат макул, 6 депутат каршы болду. 

Мындан бир нече күн мурда, 25-июнь күнү Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевди беш кылмышка тиешеси болушу мүмкүн деп тапты. Бул тууралуу Өткүрбек Жамшитов Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин талкуусунда билдирген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө түшүрүлгөн таш ремонт иштерине керектелет - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин үйүнө түшүрүлгөн таштын чоо-жайы айтылды
Натыйжада комитет Атамбаевди "экс" макамынан жана кол тийбестигинен ажыратуу маселесин жалпы жыйында кароо сунушун жөнөткөн.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында, тагыраагы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн аймагында "Элдик штаб" уюштурулгандыгы 25-июнда маалымдалган.

Кечээ 26-июнда, Кой-Таш айылындагы экс-президенттин үйүндө жана анын айланасына Атамбаевдин тарапташтары чогулган. 

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:50 27.06.2019

Алмазбек Атамбаев журналисттери менен сүйлөшүп жатып, коопсуздугу жана аны кайтарган жан сакчылары тууралуу да айтты.

Анын мурдагы экс-президент макамындагы негизги маанилүү пункттардын бири — күнү-түнү кайтарган күзөткө ээ (мамлекеттик күзөт кызматына — ред.) болчу. Эми макамынан ажырагандан кийин жан сакчы коюлбайт. Ал журналисттерге чыкканда бул туурасында да кеп болду. 

"Алар менден мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлерин (жан сакчыларды — ред. ), соттун чечими күчүнө киргенден кийин гана ала алышат. Кайтарууга бир эле бул эмес, андан сырткары маалыматтык коопсуздук, телефон менен сүйлөшүүлөрдү тыңшоодон коргоо ж.б. учурлар кирет", — деди Атамбаев.

 

20:47 27.06.2019

Атамбаев журналисттер менен сүйлөшүп жатып, үй-бүлөсү туурасында айтты. 

"Үй-бүлөм кызымдан башкалары бул жерде. Кызым шаарда, өзүнүн бала-чакасы менен үйүндө", — деди ал. 

20:42 27.06.2019

Алмазбек Атамбаев үйүнөн чыгып келип, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Кой-Таш айылы, 27-июнь, 2019-жыл. 

Бүгүн ЖК депутаттары 103 добуш менен аны экс-президент статусунан ажыраткан эле. 

20:32 27.06.2019

Мурдагы президент Атамбаев  Кой-Таш айылында анын пикирлештери, партиялаштары маалымат жыйынын өткөрүп бүткөндөн кийин үйүнөн чыгып келип,  журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Алгач, аны кайтарып жүргөн жан сакчылар туурасында сөз  кылды.

Андан соң аны кептин өңүтү аны кармоо үчүн келгендер болсо, каршылык көрсөтүү боюнча жүрүп кетти. 

Ал буга чейинки айткандарын кайталап, кармоо үчүн келгендерге каршылык көрсөтөрүн айтты.

"Буга чейин да айткам. Менин сыйга алган куралым бар. Ошол мени кармаганы келген балдарды аяп жатам. Эмитен угуп алсын дедим. Кыргызда жатып өлгөнчө, атып өл деген сөз  бар да. Менин жанымда эч ким болбойт", — деди ал.

 

 

 

19:54 27.06.2019

 Кой-Таш айылындагы "Элдик штабдын" мүчөлөрүнүн маалымат жыйыны соңуна чыкты.

19:48 27.06.2019

Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаевдин парламенттин бүгүнкү чечиминин ушундай болорун күткөнүн айтты. Ал мыйзамсыздык өзүнүн алкагынан чыгып бара жатат деген пикирин билдирген. 

19:28 27.06.2019

Карамушкина: депутаттар бүгүн өздөрүнүн ыплас ишин жасап, андан соң эс алганы кетишти. Эске салсак, эми алар сентябрдын башына чейин иш ордунда болбойт.

19:27 27.06.2019
Ситуация около дома экс-президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
19:22 27.06.2019

"Элдик штаб" сегиз пункттан турган талаптар жазылган маалымат-баракчасын журналисттерге таратты.

"Анда президенттин ЖКга буйрук беришин, бийликтин күч структураларына, сотторго мыйзамсыз буйрук берүүнү, бир катар адамдарды куугунтуктоону токтотууну" талап кылышкан.

Андан сырткары "депутат Иса Өмүркуловдун бир катар элди мазактаганы үчүн жоопко тартууну, ЖКнын вице-спикери Аида Касымалиеванын мандатын тапшырууну" айтышкан.  

Буга кошумча дагы бир нече талаптар жазылган.

18:59 27.06.2019

"Эгерде бийлик кыска мөөнөттө элдик штабдын талабын аткарбаса,  бийликтин оставкасын талап кылабыз", — дешти маалымат жыйындын катышуучулары. 

18:48 27.06.2019

Маалымат жыйыны "Элдик штабдын" маалымат борборунда өтүп жатат.  Учурда депутат Асел Кодуранова, Анвар Артыков сүйлөп, парламенттин бүгүнкү чечими негизсиз экендигин айтышты. Бул азыркы бийликтин туура эмес кадамы деп билдиришти.  

18:45 27.06.2019

Ага мурдагы мамлекет башчы Атамбаевдин саясатта бирген жүргөн соратниктери, партиялаштары, ЖКнын депутаттары жана юристтер келишти. 

16:35 27.06.2019
Ситуация около дома экс-президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш. 2 день - Sputnik Кыргызстан

Соңку сүрөт. Короонун сыртына жаңы жазуу пайда болду.

16:29 27.06.2019

Кол тийбестик

Экс-президент макамы бар кезде мамлекеттин мурдагы башчысын кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартуу эч мүмкүн эмес эле. Ошондой эле анын иштеген жана жашаган жерин тинтүүгө, ага тиешелүү автоунаа, архивдик материалдарга, документтерге жана кат алышууларга эч кимдин кийлигишүүгө акысы жок болчу. Азыр мурдагы президент мындай укуктан ажырады.

Кайтаруу
Аны Кыргызстандын аймагында өмүр бою мамлекеттик күзөт кызматы карап, кайтармак.

Бекер медициналык тейлөө жана пенсия
Экс-президент, жубайы жана анын камкордугундагы бойго жете элек балдары медициналык кызматтарды бекер пайдалана алмак. Мындан тышкары, пенсияга чейин акчалай колдоо, кийин пенсия чегерилмек. Анын көлөмү учурда иштеп жаткан президенттин айлыгынын 75 пайызын түзөт. Президентин маянасы өскөн учурда экс-президенттин пенсиясынын дагы суммасы жогоруламак.

Дача

Өмүрүнүн акырына чейин мамлекеттик дачалардын бирин акысыз пайдалана алмак. Ошондой эле Кыргызстандагы аба майдандарынын, темир жол бекеттердин VIP-залын акысыз колдонмок.

Байланыш
Экс-президент Кыргызстандын ичинде өкмөттүн колундагы бардык байланыш каражаттарынын (мобилдик жана кадимки телефон байланыш) түрлөрүн акысыз жана каалаган учурунда пайдалана алмак.

Ошондой эле президенттин ар-намысы жана кол тийбестиги мыйзам тарабынан корголмок.

14:50 27.06.2019

"Алмазбек Шаршенович бардык суроолорго маалымат жыйында жооп берет. Иш-чарага ЖК депутаттары да катышат", — деди мурдагы президенттин кеңешчиси Жолдубаева.

 

14:46 27.06.2019

Алмазбек Атамбаев учурда Кой-Таштагы үйүндө. Андан башка бул жерде мурдагы президенттин тарапташтары, "элдик штабга" келген адамдар бар. 

Бүгүн Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алды. Аны 103 депутат колдоп, 6 депутат каршы болгон. 

14:42 27.06.2019

Кой-Таш айылында тартылган видео. 

14:02 27.06.2019

Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүнүн дарбазасын аны кайтарып тургандар жапты. Анткени менен ал жерде мурдагы президенттин тарапташтары өздөрү атаган "элдик штабдын" аймагында басып жүрөт. Алар орнотулган микрофонго келип, парламенттин бүгүнкү добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча нааразылыктарын айтып жатышат. 

13:52 27.06.2019

Алмазбек Атамбаевдин экс-президент статусунун ажыратылышына добуш берип жаткан ирмемдер. 

13:49 27.06.2019

Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүнүн жанындагы аймакка чогулган кишилер анын экс-президент макамынан ажыратылышына нааразылыгын билдирип, сүйлөп жатат. 

13:45 27.06.2019

Аны 103 депутат колдоп, 6 депутат каршы болгон.

 

Бишкекте парламентаризм боюнча илимий конференция өтөт - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан депутаттар. Тизме
13:32 27.06.2019

Кой-Таш айылындагы "Элдик штаб" жайгашкан жерде абал тынч. "Маалымат борбордо ЖКнын түз эфирин көргөндөр нааразы боло сыртка чыгып кетишти",  — деп билдирди кабарчыбыз. 

13:25 27.06.2019

 Атамбаевди Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусунан ажыратуу үчүн депутаттардын 103ү макул, ал эми алтоо каршы болду. Бул тарыхый чечим 2019-жылдын 27-июнунда, болжол менен саат 13:20 кабыл алынды. 

13:12 27.06.2019

1. Бардык бийлик бутактарын өз кызыкчылыгында колдонуу, уюшкан кылмыштуу топ түзүү, анын режимине каршы чыккан Жогорку Кеңештин депутаттарын, судьяларды, коомдук ишмерлерди, ошондой эле журналисттер менен ЖМКнын өкүлдөрүн куугунтуктоо жана репрессиялоо деген күнөө коюу боюнча сот органдарынын жогорудагы чечимдери кызыкдар тараптардын арыздарынын негизинде жана жаңы ачылган жагдайлар боюнча бузулган учурда, ошондой эле укук коргоо, көзөмөлдөө жана сот органдарынын кызматкерлеринин аракеттеринде кандайдыр бир кылмыштын курамы бар экендиги аныкталып, буга экс-президент Атамбаевдин катыштыгы такталган шартта гана ага күнөө коюу маселеси каралууга жатат.

2. Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алуу жана пайдаланууга багытталган экс-президент Атамбаевдин КРдин президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде жасаган аракеттеринде КРдин Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү менен каралган кылмыштын белгилери бар. Ал КРдин Жазык кодексинин 19-беренесине ылайык, өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирет.

3. Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга кийлигишүү боюнча КРдин экс-президенти Атамбаевдин КРдин президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде жасаган аракеттеринде КРдин Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери бар. Ал КРдин Жазык кодексинин 19-беренесине ылайык, өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирет.

4. Мыйзамсыз баюуга багытталган КРдин экс-президенти Атамбаевдин КРдин президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде жасаган аракеттеринде КРдин Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери бар. Ал КРдин Жазык кодексинин 19-беренесине ылайык, өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирет.

5. Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашырууда коррупциялык фактыларга катыштыгы боюнча КРдин экс-президенти Атамбаевдин КРдин президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттеринде КРдин Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү менен каралган кылмыштын белгилери бар. Ал КРдин Жазык кодексинин 19-беренесине ылайык, өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирет.

6. Бишкек ТЭЦине көмүр жеткирүү маселелерине мыйзамсыз кийлигишүү боюнча КРдин экс-президенти Атамбаевдин КРдин президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттеринде КРдин Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери бар. Ал КРдин Жазык кодексинин 19-беренесине ылайык, өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирет.

12:21 27.06.2019

Суроо-жооп учурунда депутат Кожобек Рыспаев бардык маселе ага түшүнүктүү болгонун, добуш берүү процессине өтө бериш керек деген пикирин  айтты. Ал эми Жанарбек Акаев бул маселеге саясий боек бербей, шашпай, таразалап кароо зарылдыгын билдирди. 

Заседание депутатов ЖК по лишению Атамбаева статуса экс-президента - Sputnik Кыргызстан
12:01 27.06.2019

"Учурда Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанындагы аймакта болжол менен 200дөй киши жүргөнүн байкоого болот. Ашыкча кыймыл байкалбайт", — деп билдирди кабарчыбыз жеринен. 

11:48 27.06.2019
Ситуация около дома экс-президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш. 2 день - Sputnik Кыргызстан

"Элдик штабдын" маалымат борборунда тарапташтары ЖКнын бүгүнкү отурумун — депутаттардын Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча маселесин карап жаткандыгын көрүп отурушат. Кой-Таш айылы. 

11:26 27.06.2019

Буга чейин баяндама жасап жаткан Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов сөзүнөн жаңылды. Ал депутаттардын алдында Атамбаевге каршы кримтөбөл Азиз Батукаевдин көрсөтмөсү бар экендигин айткан. Бирок, бир нече мүнөттөн кийин Карамат Орозованын суроосуна жооп берип жатып, Батукаев менен Шамил Атаханов менен алмаштырып алгандыгын айтты.

Эскерте кетсек, ушу тапта депутаттар Жамшитовдун докладын угуп бүтүп, суроо-жоопко өтүштү.

11:21 27.06.2019

Алгачкылардан болуп депутаттар Ирина Карамушкина жана Мурадыл Мадеминов, Карамат Орозова сүйлөдү. Алар бул маселеге нааразы экендигин айтышты. Эске салсак, бул эл өкүлдөрү экс-президенттин партиялаштары жана учурда аны менен тилектештигин билдирип келишет. 

11:15 27.06.2019

Депутаттар танаписи жок иштемей болду. Суроо жана талкууга чек коюлду. Эл өкүлдөрү суроо берүү процедурасына өттү. 

11:00 27.06.2019

ЖКнын залында депутаттардын саны аз экендигин көрүүгө болот. 

 

10:43 27.06.2019

 Учурда Баш прокурор  Өткүрбек Жамшитов депутаттардын алдында сүйлөп жатат.

 

10:29 27.06.2019
Ситуация около дома экс-президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш. 2 день - Sputnik Кыргызстан

Короонун ичинен эки кабаттуу керебеттерди жана кечээ ташып келинди делген матрастарды көрүүгө болот. Бирок береги отурган эки жигиттен башка басып жүргөн адамдар көзгө урунбайт.

10:13 27.06.2019

Коомчулук Алмазбек Атамбаевди "экс-президент" макамынан ажыратуу боюнча суроону ЖК кечээ, 26-июнда карашы мүмкүн деген божомолдоп жаткан. Бирок эл өкүлдөрү бул маселеге кайрылган эмес. Анткен менен Жогорку Кеңештин саат 14:00дөгү жыйыны кворум жоктугунан башталбай жаткандыгын төрага Дастан Жумабеков улам-улам эскерткен.

Заседание Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин жыйыны кворум жоктугунан убагында башталбай калды
10:03 27.06.2019
Ситуация около дома экс-президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш. 27 июня - Sputnik Кыргызстан

Азыр аталган аймактан чогулган эл жана кыймылга келген автоунаалар байкалбайт. 2019-жыл, 27-июнь, Кой-Таш айылы

09:58 27.06.2019

Жогорку Кеңеш мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди "экс-президент" макамынан ажыратуу боюнча суроону карай бүгүн карай турган болду.
Жогорку Кеңештин "Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди статустан ажыратуу" токтом долбоору күн тартибине бешинчи маселе болуп кирди.

09:55 27.06.2019

Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнүн аймагында түзүлгөн элдик штабдин мүчөлөрү азырынча эч кандай маалымат тарата элек. Кечээ ал жерге түнкү 11лерге жакын атчан кишилердин келгени айтылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0