Отурганга ким уруксат берди?! Мирлан Бакиров кайра аткаминерди зекип... Видео

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаВице-спикер Жогорку Кенеша Мирлан Бакиров
Вице-спикер Жогорку Кенеша Мирлан Бакиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул Бакировдун докладчыны жемелеген биринчи мисалы эмес.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров парламентке келген аткаминерлердин бирине кайрадан бир тийди. Бул ирет анын "каарына" өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Акматалиев калды.

Докладчы трибунада Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен Ош облусунун айылдарына суу жеткирүү боюнча келишим тууралуу жооп берип жаткан. Көп өтпөй аткаминер басып барып ордуна отурган. Ошол учурда депутат ага эскертүү берди.

"Сизге отурууга ким уруксат берди? Трибунадан жооп беришиңиз керек же отурууга уруксат сурашыңыз керек", — деди Бакиров.

Мындан улам Акматалиев кайрадан трибунага чыкты. Алты мүнөт өткөндөн кийин гана Бакиров Акматалиевге отурууга уруксат берди.

Министр образования КР Гульмира Кудайбердиева - Sputnik Кыргызстан
Кол алдындагылары ыйлап жүрөт. Депутат министр Кудайбердиеваны сындады
Эске салсак, бул Бакировдун докладчыны жемелеген биринчи мисалы эмес. Буга чейин Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов менен Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду талаптагыдай кийинип келген жоксуң деп Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда жемелеген.

Окуядан кийин коомчулуктун сынына кабылып, эл депутаттын аткаминерден кечирим суроосун талап кылган.

Депутат буга видео кайрылуу аркылуу жооп берген.

"…Кечиримдүүлүк улуу касиет. Андан адам кичирейип кетпейт. Эгерде ошол инсандын жеке аброюна, үй-бүлөсүнө, коомчулукка катуу тийип кеткен болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып үзүр сурап кетемин", — деген ал.

Бирок депутат бул видеодо аткаминердин атын атаган эмес.

Ал эми Талантбек Тынысов Sputnik Кыргызстан кабарчысынын "депутат сиз менен байланышып кечирим сурадыбы?" деген суроосуна "жок" деп жооп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0