Атамбаев жана анын жакындарынын банктагы эсептерин текшерүү токтому чыкты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭкс-президент Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса жана кызы Алия Шагиева менен. Архив
Экс-президент Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса жана кызы Алия Шагиева менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда Атамбаевдерден сырткары анын айланасындагы бир нече фамилиялар аталган.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Биринчи Май райондук соту бир канча коммерциялык банктардан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө жана бир катар адамдарга тиешелүү эсептердеги депозиттер менен ячейкалардан документтерди алып чыгууга уруксат берди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине өздүк булагы билдирди.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин айланасындагы ызы-чуу. Негизги 13 суроого жооп
Аталган райондук сот 2019-жылдын 19-июнунда бир нече банктардан 2009-жылдан азыркыга чейинки жасалган операциялар, депозиттер жана эсептер боюнча документтерди алууга токтом чыгарган.

Эске салсак, буга чейин Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия түзүлгөн. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган. 18-июнда комиссиянын ишинин жыйынтыгы Жогорку Кеңеште каралып, андан ары Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0