17:33 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова. Архив
© Фото / пресс-служба Конституционной палаты КР

Сооронкулова: учурда сот өндүрүшүн мыйзамдуу жүргүзгөн судьялар аз

Саясат
Кыскача шилтеме алуу
79 0 0

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова сотторду тандоо тартибинде кемчиликтер бар экендигин айтты.

Бүгүнкү күндө сот өндүрүшүн мыйзамдуу, эффективдүү жана адилеттүү жүргүзгөн судьялар аз. Мындай пикирин Клара Сооронкулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сот системасын реформалоо аракеттери толук кандуу ишке ашпай жатат.

"Бүгүнкү күндө сот системасын реформалоо багытында сотторду жоопкерчиликке тартуу аракеттерин жетишкендик катары бааласак болот. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2018-жылы 101 судьяга тартиптик чара колдонулган. Алардын ичинен 10дон ашык сотту кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдук берилди. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу жакшы көрсөткүч. Буга чейин бир жыл ичинде ашып кетсе 17 сотко чара көрүлчү экен. Ал кезде соттор кеңеши судьялардын укук бузуу аракеттерин жашырып жүрүшчү. Бирок ошол эле кезде мындай өзгөрүүлөр жакшы көрүнүш эмес. Себеби мындай жаңылануу сотторду тандоо тартибинде кемчиликтер бар экендигин айгинелеп турат. Ошол эле учурда аталган тармакта мыйзамдуу, эффективдүү жана адилеттүү өндүрүш жүргүзгөн судьялар аз. Тартиптик чараны колдонууда айрым сотторго эскертүү берип эле тим болуп калып жатышат. Бир эле учурда 7-8 эскертүү алган судьялар бар. Бул туура эмес. Бир эскертүү берилген соң экинчиси катаалыраак жаза болушу керек. Тилекке каршы, бул талап аткарылбай жатат", — деди Сооронкулова.

Ошондой эле ал соттордун ишин тескей турчу тартип комиссиясы президент, парламент жана сот тармагынын өкүлдөрүнөн түзүлгөндүктөн, ал саясатташкан органга айлангандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Токбаева: сот системасында реформа жүрбөй жатат дегендер жаңылат
Белгилер:
тартип, тандоо, реформа, сот, Клара Сооронкулова

ЭҢ МААНИЛҮҮ