Экс-вице-мэр менен шаардык кеңештин депутаты жаңы кызматка дайындалды

© Sputnik / Расул УсеналиевМэрдин мурдагы орун басары Асел Куламбаева. Архив
Мэрдин мурдагы орун басары Асел Куламбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматка дайындоо боюнча тийиштүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тагыраагы, шаардык кеңештин депутаты менен экс-вице-мэр жаңы кызматка дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэрдин мурдагы орун басары Асел Куламбаева Октябрь райондук акиминин орун басары болду. 2018-жылы ал социалдык маселелер боюнча вице-мэр болуп турган. Кесиби боюнча медицина кызматкери. Пржевальский медициналык училищеси менен Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда билим алган.

"Бишкектин унаа токтотуучу жайлары" муниципалдык ишканасынын директору болуп Улан Жолдошев дайындалды. Ал "Республика" партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаты болуп келген.

Кызматка дайындоо боюнча тийиштүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0