Финчалгындоонун башчысы Матраимов менен куда экенин кантип танган? Аудио

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевФинансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев. Архив
Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына Анарбаевдин карындашы Райымбек Матраимовдун иниси Русланга турмушка чыкканын жазган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаевден журналист анын карындашы Раимбек Матраимовдун бир тууганынын аялы экени тууралуу сураганда, ал суроону түшүнбөй калып, маалыматты төгүндөп койгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Финчалгындоонун маалымат катчысы Болот Кошматов билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына Анарбаевдин карындашы Райымбек Матраимовдун иниси Русланга турмушка чыкканын жазган.

Мындан соң Sputnik агенттигинин кабарчысы Анарбаевдин өзү менен байланышкан. Окурмандарга ошол сүйлөшүүнүн аудиосун сунуштайбыз. Эскерте кетсек, алгач журналист өзүн тааныштырган 11 секунд алып салынды.

Разговор с главой Госфинразведки КР Гуламжаном Анарбаевым 4 июня 2019 года

Анда угулуп жаткандай, аткаминер карындашы Руслан Матраимовдун аялы экенин төгүндөп, Карамушкина маалыматты тактап көрсүн деп айтат.

Депутат ЖК 6 созыва Искендер Матраимов - Sputnik Кыргызстан
Искендер Матраимовдун ишкер жубайы Минавар Жумаева тууралуу 5 факты
Бирок кечээ, 13-июнда, ЖМКлардын бири аркылуу карындашы 20 жылдан бери Руслан Матраимовдун жубайы экенин мойнуна алган. Бирок ошол эле учурда "Матраимовдор менен эч байланышым жок" деп белгилеген.

Бул окуядан соң Sputnik агенттигинин кабарчысы Анарбаевдин өзү менен телефон аркылуу байланыша албай, кийин өзүн Финчалгындоо кызматынын маалымат катчысымын деп тааныштырган адам менен сүйлөштү.

"Гуламжан Сатыбалдиевич сиздер менен сүйлөшүп жатканда, "Матраимовдун өзү менен кудасызбы?" деп сурады деп ойлоп, жаңылып калыптыр. Анын атынан мен кечирим сурайм", — деди ал.

Төмөндө маалымат катчы менен сүйлөшүүнүн аудиосун дагы сунуштайбыз. Анын журналист өзүн тааныштырып, маалымат катчы уюлдук телефонунун номерин айткан учурлары алып салынды.

Разговор с пресс-секретарем Госфинразведки КР Болотом Кошматовым 14 июня 2019 года

Маалымат катчы чалган телефондун номери — 0(312) 32-55-26. "Кыргызтелеком" ишканасынын маалыматына караганда, ал КР өкмөтүнүн алдындагы Финансылык чалгындоо кызматына тиешелүү.

Sputnik Кыргызстан агенттиги эгер пикириң билдирем десе, Гуламжан Анарбаев менен сүйлөшүп, так маалымат алууга даяр.

Жаңылыктар түрмөгү
0