Жээнбеков Си Цзиньпинди "Манас" ордени менен сыйлады

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент КР Соооронбай Жээнбеков на встрече с председателем КНР Си Цзиньпином в государственной резиденции "Ала-Арча"
Президент КР Соооронбай Жээнбеков на встрече с председателем КНР Си Цзиньпином в государственной резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай лидери Кыргызстанга 12-июнда мамлекеттик иш сапары менен келген.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай лидери Си Цзиньпинге биринчи даражадагы "Манас" орденин тапшырды.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эки тараптуу 20 документке кол коюлду. Андан соң сыйлык тапшыруу аземи өттү.

Президент КР Соооронбай Жээнбеков на встрече с председателем КНР Си Цзиньпином - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Кытай убадалаган 600 млн. юанды Си Цзиньпиндин эсине салды
Си Цзиньпинге сыйлык Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн берилгени айтылды.

I даражадагы "Манас" ордени  Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктарынын жогоркусу болсо, андан даражалуусу "Ак шумкар" өзгөчө белгисин ыйгаруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы болуп саналат.

Бул орден чет өлкөлүк президенттерден Казакстандын мурунку өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев менен Россия лидери Владимир Путинге ыйгарылган.

Эске салсак, Си Цзиньпин Бишкекке 12-июнь күнү мамлекеттик сапары менен келген. Ал Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине дагы катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0