Уят болуп каласыңар! Анвар Артыков Атамбаевге болушуп чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Анвар Артыков. Архив
ЖК депутаты Анвар Артыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршембидеги жыйында бир топ депутаттар Атамбаевге сын айтып, айрым коррупциялык иштерге да айыпташкан.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Депутат Анвар Артыков парламенттин жалпы жыйынында кесиптештеринин кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине айткан сөздөрүн туура эмес деп баалады.

Шаршембидеги жыйында бир топ депутаттар Атамбаевге сын айтып, айрым коррупциялык иштерге да айыпташкан. Ал эми эл өкүлү Канат Исаев экс-президенттин кол тийбестигин алууга макул болгон 40 депутаттын колун чогултканын жар салган.

"Кечээги жыйындан кийин мен сыйлаган, калыстыгынан шегим жок аттуу-баштуу адамдар байланышка чыкты. Анын бардыгын эмес, жумшартып айтайын. Атамбаевдин президент болгону — тарых. Коррупцияга шектелген сөздөрдүн биринде да далил жок. Болсо алып келгиле, шашпай, эмоциясыз карашыбыз керек. Ойдон чыккан сөздөр менен эле "разборка" кылдыңар. Бул дагы өтөт, убакыт таразалайт", — деди Артыков.

Эл өкүлү экс-президенттин тушунда өлкөдө саясий туруктуулук орноп, орчундуу көйгөйлөр чечилгенин кошумчалап, иштебеген киши гана адашпай турганын белгиледи.

Ошондо жакамды кармагам! Төрага Жумабековдун Атамбаевге жинденген видеосу - Sputnik Кыргызстан
Ошондо жакамды кармагам! Төрага Жумабековдун Атамбаевге жинденген видеосу
"Атамбаев иштеп турганда Кыргызстанда биринчи жолу узак убакытка туруктуулук орноду. Өсүүлөр болуп, долбоорлордун бир тобу ишке ашты. Айрыкча түштүк эли свет, газ көйгөйүнөн кутулду. Иштебеген киши адашпайт, өзү да катачылык кетиргенин айтууда. Айрыкча кадр маселесинен. Биз бийлик келгенде чоңдорго кошомат кылып, ишенимине кирип алып, анан өз билгенибизди жасай берет экенбиз. Аксакал катары айтайын, муну токтоткула! Жооп бере турган маал да келип калат. Уят болуп каласыңар!" — деди депутат.

Соңунда Артыков өлкөдө коррупция бар экенин айтып, анын баарына жооп берүү үчүн бир гана Атамбаевге доомат коюу туура эмес экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0