Жээнбеков Тайванды Кытайдын бир бөлүгү деп тааныды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент КР Соооронбай Жээнбеков и председатель КНР Си Цзиньпин на торжественном приеме в государственной резиденции "Ала-Арча"
Президент КР Соооронбай Жээнбеков и председатель КНР Си Цзиньпин на торжественном приеме в государственной резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстандын "Бирдиктүү Кытай" принцибин колдогондугу үчүн ыраазычылыгын билдирген.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Тайвань — Кытайдын ажырагыс бөлүгү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кытайлык кесиптеши Си Цзиньпин менен жолугушуу маалында билдирди.

"Тайвань маселеси боюнча принципиалдык позициябызды билдирип койгум келет. Тайвань — Кытайдын ажырагыс бөлүгү. Кытай өкмөтү — жалпы Кытайдын жүзү болгон жалгыз, мыйзамдуу өкмөт", — деди Жээнбеков.

Эске салсак, буга чейин Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстандын "Бир бүтүн Кытай" принцибин колдогондугу үчүн ыраазычылыгын билдирген.

Си Цзиньпин Бишкекке 12-июнь күнү мамлекеттик сапары менен келген. Ал Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине дагы катышмакчы. Эки тараптуу жолугушуулардын алкагында маанилүү делген 20 документке кол коюлары күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0