МИКти жетектеген Бактыбек Шамкеев "Айыл Банктын" башчысы болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Айыл Банктын" башкаруучулугунун жетекчиси болуп дайындалган Бактыбек Шамкеев. Архив
Айыл Банктын башкаруучулугунун жетекчиси болуп дайындалган Бактыбек Шамкеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкаруучулугунун төрагалыгынан кеткен болчу.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бактыбек Шамкеев "Айыл Банктын" башкаруучулугунун жетекчиси болду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, ал буга чейин "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКсын башкарып келген.

"Айыл Банктагы" аталган кызмат Мурат Акимов мөөнөтү келип кеткенден бери бош болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0