Журналисттин кебетесине асылган Туйгунаалы Абдраимов иштен алынды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов. Архив
Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Губернатор журналист узаткан суроого жооп берүүдөн баш тартып, анын кебетеси жакпай турганын  айткан.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов ээлеген кызматынан алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бирок азырынча Абдраимовдун иштен кетишинин расмий себеби айтыла элек.

Эске салсак, 5-июнь күнү Сокулуктун Орок айылында жаштар арасында уруш чыгып кетип, милиция 32 кишини кармаган. Абал менен жеринен таанышуу үчүн барган өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов ага суроо узаткан Akipress агенттигинин кабарчысына: "Кебетеңиз жакпайт, ошон үчүн сурооңузга жооп бербейм",- деп каткырган боюнча басып кеткен.

Эртеси күнү губернатор өкүлчүлүктүн имаратынын алдына келген журналисттер менен көпкө чейин жолукпай жатып, акыры макул болгон. Ал ЖМК өкүлдөрүнүн суроосуна жооп берип жатып, Орок айылында кемсинткен журналисттен кечирим сурабай турганын жана ал кылыгы үчүн өкүнбөй турганын айткан.

Көп өтпөй премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун башчысы Абдраимовдун аракети боюнча чара көрүлө турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0