40 кишиге сөгүш берди! Айыл чарба министри биринчи жыйында эле каарын төктү

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистр сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Эркинбек Чодуев
Министр сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Эркинбек Чодуев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин жетекчилиги жакында эле алмашкан. Аны буга чейин башкарып келген Нурбек Мурашев өз каалоосу менен кызматтан кетип, ордуна орун басары Эркинбек Чодуев дайындалган.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев 2019-жылдын биринчи кварталын жыйынтыктоочу чогулушта 40 жетекчиге сөгүш жарыялап, дагы бир нечесине эскертүү берди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Күн тартибинде агрардык өнүктүрүү боюнча райондук башкармалыктардын ишмердүүлүгү, министрликтин ЕАЭБге киргенден берки аракеттери жана Эсеп палатасынын эскертүүлөрү сыяктуу маселелер каралган. 

"Жыйынтыгында аймактардагы логистика жана кооперация иштериндеги кемчиликтер үчүн 40 агрардык өнүктүрүү боюнча райондук башкармалыктардын жетекчилигине сөгүш берилди. Ал эми борбордук аппараттын бөлүм жетекчилери Анаркүл Беккулиева, Нурмамат Муллакелдиев жана Атамбек Ботоев эскертүү алды", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, министрликтин жетекчилиги жакында эле алмашкан. Аны буга чейин башкарып келген Нурбек Мурашев өз каалоосу менен кызматтан кетип, ордуна орун басары Эркинбек Чодуев дайындалган

Чодуев кызматка жаңы келгенде системаны жарым-жартылай өзгөртөөрүн айтып, жаштарды ишке көбүрөөк тартууну убадалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0