07:47 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Бишкектин мэри Азиз Суракматов Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукканын муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады

Мэр Суракматов Россия элчиси Удовиченко менен жолукту

© пресс-служба мэрии города Бишкек
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
102 0 0

Жолугушууда Ханты-Мансийск шаарында 31-майдан 6-июнга чейин өткөн Жаш мекендештердин V дүйнөлүк оюндарында Бишкек шаарынын жаш футболчулары алтын медалга ээ болушканы айтылды.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бишкектин мэри Азиз Суракматов Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукканын муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

  • Мэр Бишкека Азиз Суракматов встретился с чрезвычайным и полномочным послом России в Кыргызстане Николаем Удовиченко
    Бишкектин мэри Азиз Суракматов Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукканын муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Мэр Бишкека Азиз Суракматов встретился с чрезвычайным и полномочным послом России в Кыргызстане Николаем Удовиченко
    Иш-чаранын жүрүшүндө калаа башчысы мэрия Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Уфа шаарлары менен тыгыз байланышта экенин белгиледи
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Мэр Бишкека Азиз Суракматов встретился с чрезвычайным и полномочным послом России в Кыргызстане Николаем Удовиченко
    Жолугушууда Ханты-Мансийск шаарында 31-майдан 6-июнга чейин өткөн Жаш мекендештердин V дүйнөлүк оюндарында Бишкек шаарынын жаш футболчулары алтын медалга ээ болушканы айтылды.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 3
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкектин мэри Азиз Суракматов Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукканын муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады

Иш-чаранын жүрүшүндө калаа башчысы мэрия Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Уфа шаарлары менен тыгыз байланышта экенин белгиледи.

"Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жаатта кызматташуу маселелерин талкуулашты. Элчи Бишкекте Россиянын жардамы менен ишке ашырылып жаткан долбоорлорду белгилеп өттү", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда Ханты-Мансийск шаарында 31-майдан 6-июнга чейин өткөн Жаш мекендештердин V дүйнөлүк оюндарында Бишкек шаарынын жаш футболчулары алтын медалга ээ болушканы айтылды.

Мэр менен жолугушууга Россиянын соода өкүлү Валерий Латыпов, Бишкектеги Россиялык илим жана маданият борборунун директору Виктор Нефедов, вице-мэр Татьяна Кузнецова жана Октябрь районунун акими Максим Ситников катышты.

Тема боюнча

Суракматов түндө жан-жөкөрлөрү менен шаар кыдырды. Сүрөттөр
Белгилер:
мэрия, жолугушуу, Азиз Суракматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ