Баткенде аким менен мэр кызматтан кетти

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүЖумуш оруну. Архив
Жумуш оруну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экөө тең өз арыздарынын негизинде иштен четтетилген.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Баткенде эки жетекчинин кызматынан бошотулгандыгы тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Алардын бири — Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков, экинчиси — Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэри Мухубилла Мумбаев.

Экөөнүн тең өз арыздарынын негизинде кызматтан кеткени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0