Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болчу мамлекеттик сапарынын программасы

Жазылуу
Кытайдын лидери Кыргызстанда эки күн болот.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кытайдын лидери Си Цзиньпин Кыргызстанга 13-14-июнда мамлекеттик сапары менен келет. Бул тууралуу маалымат жыйында КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, эки мамлекеттин алакасы жогорку деңгээлде, аны жакшыртуу үчүн дагы аракеттер көрүлүүдө.

"Жалпысынан 20 документ боюнча иш жүрүп жатат, андан сырткары, бизнес-форум өтөт. Анда дагы 40 документке кол коюу пландалууда", — деди Сыдыков.

Ал ошондой эле сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өтөрүн кошумчалап, түз инвестиция тартуу боюнча да кеп козголо турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0