Матраимов Маммүлктүн экс-жетекчиси Бахапованын күйөө баласы эмеспи? Өзү эмне дейт

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Искендер Матраимов. Архив
Депутат Искендер Матраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин бир катар ЖМКларда депутат Искендер Матраимовдун кайненеси Маммүлк комитетинин мурдагы жетекчиси Санабар Бахапова экени айтылып келген.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Депутат Искендер Матраимов Мамлекеттик мүлк комитетинин мурдагы жетекчиси Санабар Бахапованын күйөө баласы эмес. Бул тууралуу эл өкүлү өзү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Редакция акыркы учурда коомчулукта катуу талкууланып жаткан "миллиондор" маселесинен улам аты көп атала баштаган жубайы Минавар Жумаева тууралуу билүү үчүн депутаттын өзүнө кайрылган. Маек учурунда Матраимов ЖМКларда жазылып жүргөндөй, Санабар Бахапова анын кайненеси деген маалымат туура эмес экенин айтты.

"Санабар Бахаповна менин кайненем эмес, болгон да эмес. Жубайым Минавар ал кишинин кызы эмес. Болгону ал киши менен бир кезде чогуу иштегенбиз. Журналисттердин мени Санабар Бахаповнанын күйөө баласы деп айтып жатканы чындыкка дал келбейт", — деди Матраимов.

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Матраимовдордун чуусу: өкмөт 700 млн. доллардын чыгышы тууралуу 5 жыл мурун билген
Эске салсак, "Азаттык" радиосунун журналисти Али Токтакунов "Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" деп аталган иликтөө жасап, бир тууган Матраимовдордун карааны көрүнгөнүн жарыялаган. Анда бир туугандарга тийиштиги бар делген компаниялардын жана ишкерлердин миллиондоп которгон акчасы баяндалат. Ошондой эле иликтөөдө Искендер Матраимовдун жубайы Минавар Жумаеванын бир нече бизнеске ээлик кылары тууралуу айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0