Президент депутаттар колдогон өкмөт мүчөлөрүнүн баарын кызматка дайындады

Жазылуу
Кечээ төрт жетекчинин талапкерлиги парламентте каралып, бир добуштан колдоо тапкан.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-майда, парламенттен колдоо тапкан өкмөт мүчөлөрүн кызматка дайындоо боюнча Жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Интервью с молодыми успешными предпринимателями Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин эмнеге жактырбаганын айтты
Ага ылайык, Эркинбек Чодуев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Санжар Мукамбетов экономика министри болуп дайындалды. Ал эми Дастан Догоев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, Самат Кылжыев өкмөт аппаратынын жетекчиси кызматына бектилди.

Белгилей кетсек, кечээ төрт жетекчинин талапкерлиги парламентте каралып, эл өкүлдөрү бир добуштан колдоп беришкен. Өз кезегинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кесипкөй, чечкиндүү реформага бара турган талапкерлерди сунуштаганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0