Депутат суроого тың жооп бере албаган талапкерлерге нааразы болду

Жазылуу
Талапкерлер анын суроосуна "карап чыгалы, изилдейбиз, чечкенге аракет кылам" деген таризде жооп беришти.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Депутат Кенжебек Бокоев министрликке сунушталып жаткан талапкерлер суроого так жооп бере албаганына нааразы болду.

Бокоев экономика министри болчу Санжар Мукаметов менен айыл чарба министри болчу Эркин Чодуевге суроо берген.

"Санжар Турдукожоевич, Жогорку Нарын каскады менен Камбар-Ата-1 ГЭСине инвестиция таба аласызбы? Күйүүчү майдын контрабандасын кантип ооздуктайсыз? Ушунун айынан бюджетке 5 миллиард сом түшпөй жатат. Күйүүчү май 90-жылдардагыдай көчөлөрдө сатылып калды. Жолун айтыңызчы? Суу колдонуучулар ассоциациясы менен Жайыт комитеттерин жоё аласызбы? Суу сактагычтагы сууну коңшу мамлекеттерге товар катары сата аласызбы? Былтыр дыйкандар банкрот болду, мында сиздин жоопкерчилигиңиз барбы?" — деп суроо салды.

Интервью с молодыми успешными предпринимателями Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин эмнеге жактырбаганын айтты
Талапкерлер анын суроосуна "карап чыгалы, изилдейбиз, чечкенге аракет кылам" деген таризде жооп беришти.

Буга нааразы болгон депутат премьер-министрге кайрылып: «Сиздин айтканыңызды эле аткарган адамдарды алып келген окшойсуз»,-  деди.

Ал эми Мухаммедкалый Абылгазиев: "Жаңы кишини алып келсек, бир жыл таанышат, анан ишке киришет. Бул орун басар болуп иштеп жүргөн, мындан эртең сурасаңыз жооп берет",- деп жооп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0