Министр болчу Чодуев картошка көйгөйүн кантип чечерин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие логистического центра в Кеминском районе
Открытие логистического центра в Кеминском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин премьер-министр сунуштаган.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Парламентте депутат Бакирдин Субанбеков айыл чарба министрине талапкер Эркин Чодуевден эгер кызматка дайындалып калса ишин эмнеден баштай турганын сурады.

Ал Нурбек Мурашевдин кемчилигинен картошка өтпөй, дыйкандар бир топ кыйынчылык тартканын эскертти.

Суроого жооп берген Чодуев экспорт боюнча өзүнчө бөлүм түзүлө турганын айтты.

"Жазгы талаа иштери жыйынтыкталып калды, учурда өстүрүлгөн продукцияны сатуу маселеси турат. Түшүм канчалык болот, биринче кезекте сатуу иштерин жүргүзөбүз. Анан министрликте экспортту илгерилетүү бөлүмү түзүлөт. Ал экспорт маселесин толук чечкенге аракет кылат", — деп жооп берди Чодуев.

Аягында депутат кагаз жүзүндө жазылган программаны иш жүзүнө ашырууну талап кылды.

Белгилей кетсек, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуевдин (учурда айыл чарба министринин орун басары) талапкерлигин премьер-министр сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0