ЖКнын тармактык комитети Айыл чарба министрлигине Эркин Чодуевди жактырды

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония передачи девять автомобилей марки NIVA Shevrolet Министерству сельского хозяйства КР
Церемония передачи девять автомобилей марки NIVA Shevrolet Министерству сельского хозяйства КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркин Чодуевдин талапкерлигин өкмөт башчы сунуштаган.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Парламенттин тармактык комитетинин депутаттары айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызмат ордуна Эркин Чодуевдин талапкерлигин колдоп берди.

Аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖКнын Регламенти боюнча комитетке тааныштырган.

Экономика министрлигине талапкет Санжар Мукамбетов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экономика министри болом деген Санжар Мукамбетовду комитет колдоду
Суроо-жооп, талкуунун жыйынтыгында тармактык комитеттин депутаттары Чодуевдин талапкерлигин жактыруу чечимин кабыл алды.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев 24-майда отставкага кеткен. Эркин Чодуев министрдин орун басары болуп беш жылдан бери иштеп келет.

Белгилей кетсек, былтыр министрлик дыйкандарга коңшу өлкө менен келишим түзүлгөнүн айтып, картошка эгүүнү сунуштаган. Бирок күздө тонналаган картошка жарытылуу баага өтпөй, дыйкандар чыгымга учурады. Sputnik Кыргызстан агенттиги кырдаалды жөнгө салынышын сурап министрге бир нече ирет кайрылганда, түрдүү убадаларды айта берген. Акыры январь айында Sputnik агенттигинин кабарчысы Мурашевдин кабинетине барып, таза жана чириген картошканы таштап келген.

Кийин коомчулукта анын ишмердүүлүгүнө бир топ сындар айтылган. Кечээ премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да өкмөттүн жыйынында Мурашевге: "Былтыркыдай картошка кабинетке келбесин", - деп зекиген.

Жаңылыктар түрмөгү
0