Жээнбеков Нур-Султанда Назарбаев менен жолугат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента КР Сооронбая Жээнбекова с главной Казахстана Нурсултаном Назарбаевым
Встреча президента КР Сооронбая Жээнбекова с главной Казахстана Нурсултаном Назарбаевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын борборунда ЕАЭБдин 5 жылдыгына жана Евразия интеграция идеясынын 25 жылдыгына арналган саммит өтөт.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Нур-Султанга болгон жумуш сапарынын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү программада көрсөтүлгөн.

Учакка отуруп жаткан президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Нур-Султанга жөнөп кетти. Коштоп барчулардын тизмеси
Жумуш сапары эки күнгө созулат (28-29-май). Бүгүн Сооронбай Жээнбеков "Ак ордо" мамлекеттик резиденциясында коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев жана елбасы Нурсултан Назарбаев менен жолугат. Андан соң ЕАЭБ башчылары үчүн кечки тамак уюштурулат.

Ал эми экинчи күнү Казакстандын борборунда Евразия экономикалык биримдигинин 5 жылдыгына жана Евразия интеграция идеясынын 25 жылдыгына арналган саммит өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0