Жээнбеков Нур-Султанга жөнөп кетти. Коштоп барчулардын тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУчакка отуруп жаткан президент Сооронбай Жээнбеков. Архив
Учакка отуруп жаткан президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын борбор калаасында ЕАЭБдин мааракелик саммити өтөт. Ага Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев дагы катышат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен Нур-Султан шаарына учуп кетти.

Расмий делегациянын курамында төмөнкүлөр:

  • Президент Сооронбай Жээнбеков;
  • Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков;
  • Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;
  • Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев;
  • Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева;

Мамлекет башчынын сапары 28-29-май күндөрү эки күнгө уланат.

29-майда Казакстандын борбор калаасында Жогорку евразиялык экономикалык биримдиктин (ЖЕЭБ) мааракелик жыйыны өтөрүн Евразия экономикалык биримдиктен билдиришти. Иш-чара эки мааракелик датага туш келет. Алар Евразия экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) түзүлгөнүнүн беш жылдыгы жана Евразия интеграциянын 25 жылдыгы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: ЕАЭБдин экономикалык көрсөткүчү барган сайын жогорулоодо
Саммитке Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россиянын лидерлери катышат. Ошондой эле Молдованын президенти Игорь Дордон ЕАЭБдин байкоочусу катары жана Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон ардак конок катары барат.

Күн тартибинде интеграция, макроэкономика, үч өлкө менен эл аралык экономикалык кызматташтык, соода, электроэнергия, бажы тармагын жөнгө салуу, каржы саясаты, бирдиктүү рынок кызматтары, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдү санариптештирүү, өнөр-жай тармагы, атаандаштыктар жана башка маселелер талкууланат.

Мындан сырткары ЖЕЭБ мүчөлөрү биримдиктин беш жылдыгы боюнча биргеликте билдирүү жасашат. ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү электр энергия тармагында жалпы рынок түзүү боюнча эл аралык келишимдерге кол коюлары пландалууда.

ЖЕЭБ мүчөлөрү 2019-жылдагы санариптештирүүнү ишке ашыруу маселесин ортого салат. Мындан сырткары 2019-2020-жылдарга карата ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0