Депутат: картошканы сатуу Экономика министрлигинин да милдети болчу

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин дыйкандар картошкасын сата албай, Айыл чарба министрлигин сынга алган.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында дыйкандардын өстүргөн картошкасын сатып өткөрүүдөгү негизги милдет Экономика министрлигиники экенин айтты.

Учурда аталган комитет экономика министринин ордуна Санжар Мукамбетовдун талапкерлигин карап жатат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев бош турган министрликтерге талапкер сунуштады. Алар ким?
Эл өкүлү Тиллаев дыйкандар азыр атаандаштыкка чыдабай жатканын айтып, министрлик аларга шарт түзүп бериши керектигин белгиледи. Ал мисал катары Өзбекстандын чек арасы ачылгандан бери алманын баасы бир топ түшүп, дыйкандар аны сата албай убара болуп жатканына токтолду.

Белгилей кетсек, мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев кызматтан кеткен. Ал жумуштан алынардын алдында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында министрге кайрылып, "былтыркыдай болуп чириген картошка кабинетке чейин келбесин" деп сын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0