Парламент комитети Догоевди Байланыш комитетинин жетекчилигине жактырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси Дастан Догоев. Архив
Президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси Дастан Догоев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дастан Догоев учурда президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштейт.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бош турган министрлик орундар менен башка кызматтарга талапкерлерди кароодо.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев бош турган министрликтерге талапкер сунуштады. Алар ким?
Эске салсак, аталган комитет Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчилигине Дастан Догоевдин (учурда КР президентинин кеңешчиси) талапкерлигин жактырды.

Талкуу учурунда комитетке мүчө депутаттар өздөрү кызыккан суроолорду берди.

Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралып, Догоев тууралуу депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү баяндама жасайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0