КСДПны кайра каттоо боюнча ишке Башкы прокуратура менен УКМК аралашты

© Фото / пресс-служба фракции СДПККСДП фракциясынын желеги. Архив
КСДП фракциясынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Юстиция министрлигинин сайтында КСДПнын кеңсесинин дареги жана жетекчиси өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат чыккан.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Башкы прокуратура Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын (КСДП) Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өтүүсүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, соттук өндүрүш иштери КРдин Жазыктар кодексинин 320-беренесине (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык башталып, топтолгон материалдар УКМКга жөнөтүлдү.

Закрытое заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев кайтаруусуз калдыбы? УКМКнын жообу
Буга чейин Юстиция министрлигинин сайтында КСДПнын кеңсесинин дареги жана жетекчиси өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Анда кеңсе мурункудай 7-Апрель көчөсүндө эмес, Эркиндик бульварында, ал эми жетекчиси Алмазбек Атамбаев эмес, Сагынбек Абдрахманов экени көрсөтүлгөн.

Эске салсак, Сагынбек Абдрахманов 3-апрелде КСДПнын съездин өткөрүп, саясий кеңеш бекитилип, партиянын төрагалыгына шайланган. Ал эми Алмазбек Атамбаев башында турган КСДПчылар үч күндөн кийин өз съездин өткөргөн. Юстиция министрлиги алардын дарегине Сагынбек Абдрахмановдон партиянын курамы, жетекчиси жана дареги алмашканы боюнча билдирүү келгенин маалымдаган.

Өз кезегинде Атамбаев башкы прокурорго Юстиция министрлигине чара көрүү үчүн кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0