Айыл чарба министри Нурбек Мурашев отставкага кетти

Жазылуу
Мурашев кызматынан өз ыктыяры менен кеткенин билдирди.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Айыл чарба министри Нурбек Мурашев отставкага кеткени тууралуу маалыматты тастыктады.
Анын айтымында, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев арызын кабыл алган.

Айыл чарба министрине чириген картошка белекке берилди. Маектин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба министрине чириген картошка белекке берилди. Маектин видеосу
Белгилей кетсек, былтыр министрлик дыйкандарга коңшу өлкө менен келишим түзүлгөнүн айтып, картошка эгүүнү сунуштаган. Бирок кийин тонналаган картошка жарытылуу баага өтпөй, дыйкандар чыгымга учураган. Мындан улам Sputnik Кыргызстандын кабарчысы дыйкандардын арыз-муңун жеткирип, баа боюнча так кесе жооп алуу үчүн министр Мурашевге барган. Ал көйгөй чечпеген министрге таза, чоң картошканы көрсөтүп, 5 сомдон ашпай жатканын айткан.

Кечээ премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мурашевге былтыркыдай картошка окуясы кайталанбашы керектигин эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0