Бельгиядагы элчи Жумалиев король Филиппке ишеним грамотасын тапшырды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Бельгиядагы элчиси Муктар Жумалиев король Филиппке ишеним грамотасын тапшырды
Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Муктар Жумалиев король Филиппке ишеним грамотасын тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Король өз сөзүндө Жумалиевди Бельгиядагы дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Бельгия элдеринин жакшылыгы үчүн болгон ишине ийгилик каалады.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Муктар Жумалиев король Филиппке ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу аталган элчиликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, грамота тапшыруу салтанаты королдун сарайында өткөн.

Жумалиев Бельгиянын королу менен болгон кыска сүйлөөшүүсүнүн убагында президент Сооронбай Жээнбековдун атынан салам айтып, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиленин мындан ары өнүгүүсү боюнча каалоолорун билдирди.

"Элчи кыргыз-бельгиялык мамилелерин жогору дэңгээлге чыгарууга бардык күчүн жумшай турганын белгиледи", — деп айтылат билдирүүдө.

Король өз сөзүндө Жумалиевди Бельгиядагы дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Бельгия элдеринин жакшылыгы үчүн болгон ишине ийгилик каалады. Ошондой эле КР президенти Сооронбай Жээнбековго салам жолдоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0