Бишкекте ШКУнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды

© Sputnik / Ольга Балашова / Медиабанкка өтүүШКУ мамлекеттеринин желектери. Архив
ШКУ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын борборунда бүгүн эки эл аралык иш-чара өтөт.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды.

Иш-чарадан кийин Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Владимир Норов журналисттердин алдында сөз сүйлөшөт.

Жыйындын катышуучуларынын тизмеси:

  • Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж;
  • Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов;
  • Кытайдын тышкы иштер министри, Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Ван И;
  • Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;
  • Пакистандын тышкы иштер министри Махмуд Шах Махмуд Куреши;
  • Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров;
  • Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин;
  • Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов;
  • ШКУнун башкы катчысы Владимир Норов;
  • ШКУнун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн Аткаруучу комитетинин директору Жумахон Гиесов;

Быйыл Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстан төрагалык кылууда.

ШКУнун жыйынынан кийин ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0