13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыйын учурунда. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыйын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абылгазиев 2018-жылдын 20-апрелинде өкмөттүн башына келген. Ал учурдан тарта, тагыраагы, 1 жыл бир айдын ичинде премьер-министрдин кол алдындагы бир топ аткаминерлер алмашкан.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Эки күн мурда, 21-майда, кыргыз өкмөтүнүн эки кызматкери отставкага кетүү боюнча арыздарын жазды. Алар: маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Шамил Асымбеков. Булар Абылгазиев башында турган өкмөттөн ар кандай себептер менен кетип жаткан тогузунчу жана онунчу кызматкерлер.

Эске салсак, Абылгазиев өкмөт башчылык кызматка 2018-жылдын 20-апрелинде келген.

Негизи өкмөттө жалпы 20 мүчө бар: премьер-министр, анын төрт орун басары, 12 министр, мамлекеттик комитеттердин эки башчысы жана өкмөттүн аппаратынын жетекчиси (министр статусунда). Мындан сырткары, өкмөттүн курамына Коргоо иштери жана улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчылары кирет. Бирок алар президенттин башкаруусунда иштешет.

Мурат Мукамбетов

© Фото / Пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморовӨкмөт аппаратынын экс-жетекчиси Мурат Мукамбетов
13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт аппаратынын экс-жетекчиси Мурат Мукамбетов

Өкмөттүн аппаратын 2018-жылдын август айына чейин жетектеген. Андан кийин бир баскычка ылдыйлап, өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Бирок "КТ Мобайл" ЖЧКсынан чыккан чырдан кийин берген өз арызы менен кызматынан бошотулган.

Айнур Абдылдаева

© Фото / Пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморовМурунку юстиция министри Айнур Абдылдаева
13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Мурунку юстиция министри Айнур Абдылдаева

Былтыркы жылдын август айында юстиция министри Айнур Абдылдаева "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 24-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, башкача айтканда, башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулган. Бирок ачык булактарда анын кайда иштеп жатканы тууралуу маалымат жок.

Улан Рыскулов

© Фото / Пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморовӨнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин экс-төрагасы Улан Рыскулов
13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин экс-төрагасы Улан Рыскулов

Былтыркы жылдын 7-сентябрынан тарта өкмөттө иштебей калган. Ага чейин ал Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болчу.

Султан Жумагулов

© Sputnik / Расул УсеналиевМаданият, маалымат жана туризм министрлигинин экс-жетекчиси Султан Жумагулов
13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин экс-жетекчиси Султан Жумагулов

Маданият, маалымат жана туризм министри болчу. 2018-жылдын 8-октябрында көпкө созулган оорудан улам көз жумган. Жумагулов 59 жашта эле.

Таалайкүл Исакунова

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин экс-жетекчиси Таалайгүл Исакунова
13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин экс-жетекчиси Таалайгүл Исакунова

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри "мамлекеттин эсебинен чет жакка чыгып турган" деген депутаттын билдирүүсүнөн кийин, былтыр 11-октябрда иштен алынган.

Эрлан Абдылдаев

© Sputnik / Болат Шайхинов / Медиабанкка өтүүТышкы иштер министрлигинин экс-жетекчиси Эрлан Абдылдаев
13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министрлигинин экс-жетекчиси Эрлан Абдылдаев

Тышкы иштер министрлигин 2012-жылдан бери башкарчу. Бирок ошол кездеги Түштүк Корея элчиси Кылычбек Султандын ТИМдеги кемчиликтер боюнча билдирүүсүнөн кийин 2018-жылдын 12-октябрында өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.

Адылбек Касымалиев

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевФинансы министрлигинин экс-жетекчиси Адылбек Касымалиев
13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Финансы министрлигинин экс-жетекчиси Адылбек Касымалиев

Касымалиев Каржы министрлигин 2015-жылдан бери жетектеп келген. Кызматтан былтыркы жылдын 6-октябрында кеткен. Мурдагы министр аны ден соолугуна байланыштырган.

Жамшитбек Калилов

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТранспорт жана жолдор министрлигинин экс-жетекчиси Жамшитбек Калилов
13 айдын ичинде Абылгазиевдин өкмөтүнөн кеткен 10 аткаминер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Транспорт жана жолдор министрлигинин экс-жетекчиси Жамшитбек Калилов

Жолдор жана транспорт министринин милдетин аткарган. Былтыркы жылдын декабрь айында президент Жээнбековдун сын сөздөрүнөн кийин кызматтан кетүү боюнча арызын берген. Анын алдында эле Калиловдун орун басары пара алып кармалган. Ушул окуядан кийин Калиловдун "министр болуп иштөөгө моралдык укугум жок" деп айтканы бар.

13 айдын ичинде сегиз министрликтин жана бир мекеменин жетекчилери бир нече ирет алмашкан. Ал эми өкмөттүн аппаратын бул аралыкта эки адам башкарганга жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0