Рыскелди Момбеков: башкалар жана бажалар тарабынан кысым болуп жатат

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловЖогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Акылбек Жамангуловду чакыртып алып, кимдер коркутуп жатканын сураш керектигин сунуштады.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков "КТ Мобайл" мамлекеттик ишканасынын айланасындагы талаш-тартыштардан улам "Альфа Телеком" мекемесинин жетекчиси Акылбек Жамангуловго да басым болуп жатканын айтты.

Эске салсак, "КТ Мобайл" ишканасынын айланасында коомдо кызуу талкуу болгондон кийин анын жетекчиси жана орун басары кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

"Акылбек Жамангуловго башкалар тарабынан, бажалар тарабынан болуп жаткан кысымды баарыбыз эле көрбөдүкпү. "О детях думай, о детях думай" деп жатпайбы. Эми ошого жол берип коюшубуз керекпи? Ал кечээки биздин кесиптеш, бүгүн мамлекеттик ишкананын жетекчиси. Анан ага ушундай кысымдар болуп жатса, биз башыбызды ылдый салып отурушубуз уят го", — деди Момбеков.

Эл өкүлү керек болсо Акылбек Жамангуловду чакыртып алып, кимдер коркутуп жатканын сураш керектигин сунуштады.

Депутат Жанар Акаев дагы Жамангуловго карата коркутуп-үркүтүүлөр токтошу керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0