"КТ Мобайлды" ким калкалап жүргөн? MegaCom башчысы Жамангулов агынан жарылды

© Фото / пресс-служба ЖКMegaCom компаниясынын башчысы Акылбек Жамангулов. Архив
MegaCom компаниясынын башчысы Акылбек Жамангулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
MegaCom компаниясынын башчысы Акылбек Жамангулов аны премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев "КТ Мобайлдын" "крышасы" экенин айтууда. Ал өкмөттүн аппаратында бир нече ирет жыйналыш өткөрүп, аткаминерлерге тапшырма берип жүргөн. Ал тургай коркутуп-үркүтүүгө чейин барганы айтылды.

"КТ Мобайл" тууралуу кыскача

"Кыргызтелеком" ААКтын туунду компаниясы "КТ Мобайл" 2003-жылы түзүлүп, уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү боюнча лицензия алган. Өзүнүн жыштыгы бар, башка оператордун жабдуулары менен ишке кирүүнү каалаган. Ал үчүн өткөн жылдын аягында компаниянын жыштыгы аукционго коюлуп, "Альфа-Телеком" ЖАК (MegaCom) 345 миллион сом сунуштап утуп алган. План боюнча уюлдук оператор катары 8-майда ишке кирмек.

Депутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
Иманкадыр Рысалиев: Жамангулов жалганчы, аны эми текшертем
Ал ортодо "КТ Мобайлдын" жетекчилери 300-350 миң маяна алары айтылып, директордун орун басары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин баласы экени ачыкталды. Бул коомчулукта резонанс жаратып, жетекчилердин баары иштен кетүүгө мажбур болду.

Бул чырдын айланасында депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын биринчи жыйынында Иманкадыр Рысалиев "КТ Мобайлга" акча котортуу үчүн MegaCom компаниясынын башчысын коркутууга алганы айтылды. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги "Альфа-Телеком" компаниясынын директору Акылбек Жамангуловдон чуулуу окуянын чоо-жайын сурады.

— Акылбек мырза, башынан баштап жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берсеңиз. "КТ Мобайл" менен "Альфа-Телеком" кандай келишим түзгөн?

— Виртуалдуу оператор түзүп, жыштыктарды чогуу пайдаланабыз деген келишимге кол койгонбуз. Ал үчүн биз 345 миллион сом каражат бермекпиз. Келишим түзүлгөндөн кийин "КТ Мобайл" жетекчилиги виртуалдуу оператор эмес, өз алдынча Кыргызстандагы төртүнчү оператор кылабыз деп чыкты. Ага сарпталчу каражатты эсептесек аябай көп — 86 миллион долларга жетти. Бул чыгымдарды "Альфа-Телеком" төлөп берсин деп жатат. Ал эми виртуалдуу оператор ачсак 2-2,5 миллион доллар кетет. Ошон үчүн мен чырылдап чыктым да. Келишимге кирбеген нерсени талап кылып, биздин акча менен өз алдынча оператор болууну көксөшүүдө. Мен башында андай документке кол койгон эмесмин.

— Демек, талаш виртуалдуу жана өз алдынча оператор боюнча болуп жатыптыр да. Анда экөөнүн айырмачылыктарын түшүндүрүп берсеңиз.

— Виртуалдуу оператор болгондо алардын жыштыгын биз колдонобуз, ал үчүн 345 миллион сом төлөп берип жатабыз. Алар бизден дүңүнөн интернет жана трафиктерди алат да үстүнө кошуп, өзүнүн бренди менен сатат.

Гид по Бишкеку: здание Жогорку Кенеша Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
"КТ Мобайл" ишканасынын ишмердигин текшерчү депутаттардын тизмеси бекиди
"КТ Мобайлдын" жетекчилери талап кылгандай өз алдынча оператор ачылса алардын жыштыгын чогуу колдонобуз. Ага кошуп техникалык оператор катары биздин ар бир базалык станцияларга "КТ Мобайл" үчүн кошумча дагы жабдууларды коюп чыгышыбыз керек. Жаңыдан лицензия, биллинг, коммутатор алуу керектелет. Ошол чыгымдардын баарын эсептегенде 86 миллион доллар чыкты. Анча каражатты жөн эле сарптай албайм да, мен дагы киреше булагын ойлошум керек. Ал каражат качан, кандай жол менен кайтып келерин билишим керек. Ошон үчүн мен бул нерсеге каршы болуп, ачык айтып чыктым.

— Экөөнүн айырмачылыгы жөнөкөй элге байкалабы?

— Абоненттерге эч кандай айырмасы жок, бирдей эле колдонушат. Бирок документ, финансы жагынан алганда эки башка.

— Мындан ары эмне болот эми, иштешесиздерби же жокпу?

— Мурдагы күнү "КТ Мобайлдын" эмес "Кыргызтелекомдун" жетекчилери иштешүүгө макул болушту. Андай чоң чыгымдары жок эле виртуалдуу оператор түзүп жыштыктарды чогуу иштетебиз. Ошон үчүн кечээ өкмөттөн билдирүү чыкты. Уюлдук операторду Salam бренди менен эки айдын ичинде ишке киргизебиз.

— "КТ Мобайл" ишке кирбей жатып 170 миллион сомдук карызга батканы белгилүү болду. Эмнеге анча карыз болуп калган?

— Келишимге ылайык, биринчи этап менен "КТ Мобайлдын" эсебине 168 миллион сом которгонбуз. Алар биринчи кезекте Мамлекеттик байланыш агенттигине карызын төлөш керек болчу. Антпесе анын лицензиясын тартып алат. Акча которгондон кийин кат жазып, эмнеге карызды төлөбөй жатасыңар десек жооп келбеди. Агенттикке кат жолдосок төлөгөн жок деген жооп келди. Карызын төлөсүн деп бөлгөн акча кайда кеткени белгисиз. Ошон үчүн мен чырылдап жатам.

— Иманкадыр Рысалиев эмнеге "КТ Мобайлдын" кызыкчылыгын коргоп, ортого түшүп жатат? Негизи эле ал бул ишке компетенттүүбү?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: премьердин агасы Саламаттык сактоо министрлигиндеги майлуу жерде отурат
— Албетте, жок! "Санариптештирүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү болгондуктан аралашып жатам" дегени жөн эле калп. Эч кандай санариптештирүүсү жок эле "КТ Мобайлдын" "крышасы" десек болот. Башынан аягына чейин көзөмөл жүргүзүп, алардын юристтери биздин юристтер менен тил табыша албай калса деле "сенин юристтериң тигинтип, минтип" деп чала берчү. Бардык нерсенин чеги болот да. Чектен чыгып, коркута баштады. Жада калса расмий түрдө мамлекеттик органдардын жетекчилерин чогултуп алып чогулуш өткөргөндөн кийин айтууга туура келди. Өкмөттүн аппарат башчысынын орун басарынын кабинетинде эки-үч жолу жана Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин имаратында да жыйналыш өткөргөн. Балким, менден башка, саясаттан келбеген адам болсо унчукпай кол коюп бул иш билинбей деле калмак. Рысалиев башынан баштап аягына чейин кызыкдар болуп жүргөн. Ар жакка барып актанып жатат.

— Сизге эскертүү берген билдирүүлөр социалдык тармактарга тарады. Мындай нерсе бир эле жолу болгонбу?

— Бир эмес көп жолу болгон, телефон аркылуу чалып коркутуп жатты. Көп эле нерсе айткан баарын ачыктабай эле коёюн. Ал кишинин деңгээлине түшкүм келбейт. Анын тажрыйбасын, баскан жолун эске алуу менен теңелгим келбейт. Бүгүн деле айтпайт болчумун, депутаттар суроо узатканынан айтууга туура келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0