"КТ Мобайлда" иштеген Абылгазиевдин бажасынын баласы кызматтан алынды

Жазылуу
Кечээ премьер-министр бажасынын баласын бул кызматтан кетиши керек деп эсептей турганын билдирген.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. "КТ Мобайл" ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу ээлеген кызматынан бошотулду.

Кечээ премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эрназардын атасы Иманкадыр Рысалиев бажасы экенин ырастап, бирок анын баласы "КТ Мобайлда" иштеп жатканынан кабары жоктугун айткан. Бул тууралуу билери менен аны кызматтан кетирүү керек деген.

Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
"КТ Мобайл" ишканасынын ишмердигин депутаттык комиссия иликтейт
Ал эми Эрназар Иманкадыр уулу бүгүн өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы маалым болду. Буга өкмөт башчынын билдирүүсү негиз болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү тастыктады. Ошондой эле ал кызматтан кетирүү боюнча буйрук дагы чыкканын кошумчалады.

Эске салсак, "Кыргызтелеком" ААКтын туунду компаниясы "КТ Мобайл" 2003-жылы түзүлүп, уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү боюнча лицензия алган. Социалдык тармактарда "КТ Мобайл" мамлекеттик компаниясынын башкы директору 350 миң сом, орун басары 300 миң, ал эми техникалык директору 290 миң сом айлык алат деген маалымат тараган. Кийин компаниянын жетекчилиги муну төгүндөгөнгө аракет кылып, чынында эң жогорку айлык 157 миң сом экенин билдирди. Ошол эле учурда мынчалык айлыкты ким аларын коммерциялык сыр деген жүйө менен айткан эмес.

"КТ Мобайл" байланыш оператору 8-майда ишин башташы керек эле. Деген менен бул компания 2018-жылды 170 миллион сом карызы менен жыйынтыктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0