Депутат Бокоев сот системасына ишеним аздыгынан мыйзам долбоорун чакыртып алды

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Кенжебек Бокоев. Архив
Депутат Кенжебек Бокоев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бокоев өзү сунуштаган өзгөртүүлөр өтө оор жана оор кылмыш менен соттолгон жарандарга байланыштуу экенин айтты.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Депутат Кенжебек Бокоев өзү демилгелеген "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун чакыртып алды. Эл өкүлү ал сунуштаган өзгөртүүлөр азыр эртелик кыла турганын жана сот системасы жакшырганга чейин демилгесинен баш тарта турууну чечкенин белгеледи.

Эске салсак, бул мыйзам долбоору парламенттин 16-майдагы жыйынында биринчи окууда каралмак.

Бокоев өзү сунуштаган өзгөртүүлөр өтө оор жана оор кылмыш менен соттолгон жарандарга байланыштуу экенин айтты.

"Мыйзам долбоору соттуулук тууралуу болчу. Өтө оор жана оор кылмыштар менен соттолгон жарандар президенттикке жана депутат болууга талапкер боло албайт деп каралган. Бирок акыркы абалды көрүп турам, жарандык коом дагы саясий чечим менен тажрыйбалуу саясатчылардын, лидерлердин шайлоого катышуусуна жол бербей коюу мүмкүнчүлүгү жогорулайт деп катуу талкууга алып жатат. Сот системасы жакшырганга чейин бул өзгөртүүнү киргизүү эрте деп чечтим. Андыктан чакыртып алдым", — деди ал.

Эл өкүлү ошондой эле мыйзам долбоору комитетте да каралганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0