Сооронбай Жээнбеков Россиянын элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алуу учурунда
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи Жээнбековго Россиянын президенти Владимир Путиндин Жеңиш күнү менен куттуктоо сөздөрүн айтты.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, тараптар Улуу Жеңиш майрамын утурлай бири-бирин куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Биз сиз менен майрамдын — Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 74 жылдыгынын алдында жолугушуп жатабыз. Биздин аталарыбыз кажыбас кайраттуулукту, өз өмүрүн курмандыкка чалууга даярдыгын жана мекенге болгон чексиз сүйүүсүн көрсөтүшкөн. Биздин элди кан майданда салгылашкан жоокерлердин эрдиги менен сыймыктануу сезими бириктирип турганын далилдеген ачык мисал — бул "Өлбөс полк" акциясы. Кыргызстанда бул акцияга жыл сайын 10 миңдеген жаран катышат", — деди президент.

Ал эми элчи Жээнбековго Россиянын президенти Владимир Путиндин Жеңиш күнү менен куттуктоо сөздөрүн айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өлбөс полк жүрүшүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Өлбөс полк" акциясын чагылдыруу. Президенттик аппараттын түшүндүрмөсү
Удовиченко элчи катары аткарган жумуштарын, анын алкагында республиканын аймактарына барып жатканын айтып, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн бардык аракеттерди жумшай турганын белгиледи.

Мындан ташкары, тараптар Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары маалындагы макулдашуулар жана Бишкекте өтө турган ШКУнун саммити боюнча пикир алмашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0