00:33 27 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Алтын кум пансионаты. Архив

Кыргызстан Көлдөгү пансионаттар боюнча Өзбекстанга соттон утулдубу? Өкмөттүн жообу

© Sputnik /
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
211 0 0

Бүгүнкү күнү өкмөт тарабынан далилдер базасын түзүү, доогердин аргументтерин изилдөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргыз өкмөтү пансионаттар маселеси боюнча Эл аралык арбитраждык сотто Өзбекстанга утулган жок. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, буга чейин бир катар ЖМКларда жана социалдык тармактарда "КР өкмөтү Эл аралык арбитраждык сотто Ысык-Көл облусундагы пансионат маселеси боюнча өзбек тарапка утулду" деген маалымат тараган.

Бүгүнкү күнү бул иш аталган сотто каралууда.

"Бул сыяктуу доо арыздарды кароодо маселенин өзү эмес, ошол талашты кароого арбитраждык трибуналдын укугу бар-жогу аныкталат. Ошондон кийин гана маселенин маңызы боюнча кароо процесси башталат. Май айында арбитраждык трибунал бул маселенин маңызын кароого юрисдикциясы бар экендиги тууралуу чечим чыгарган. Ал эми маселенин өзү эми карала баштады", — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүнкү күнү өкмөт тарабынан далилдер базасын түзүү, доогердин аргументтерин изилдөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Тема боюнча

Өзбекстанда дронду мыйзамсыз сатып алган киши кесилет. Жаңы мыйзам
Белгилер:
пансионат, чечим, сот, Өзбекстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ