00:41 27 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Мамлекеттин жашоосунда сот системасы өзгөчө орунга ээ жана өз ишмердүүлүгүн саясатташтырбастан туруктуулуктун, коомдун тазалыгынын кепилдиги катары таанылышы керек.

Жээнбеков Конституциялык палатанын мааниси менен милдетин айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
92 0 0

Президент мамлекетте туруктуулукту камсыз кылууда Конституциялык палата чоң роль ойной тургандыгын белгиледи.

БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Мамлекеттин жашоосунда сот системасы өзгөчө орунга ээ жана өз ишмердүүлүгүн саясатташтырбастан туруктуулуктун, коомдун тазалыгынын кепилдиги катары таанылышы керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары менен жолугушуу учурунда айтты.

Мамлекет башчысы бардык кыргызстандыктарды жана Конституциялык палатанын судьяларын эртең, 5-майда, белгиленүүчү Конституция күнү менен куттуктады.

  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков встретился с судьями Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республики. 4 мая 2019 года
    Мамлекеттин жашоосунда сот системасы өзгөчө орунга ээ жана өз ишмердүүлүгүн саясатташтырбастан туруктуулуктун, коомдун тазалыгынын кепилдиги катары таанылышы керек.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков встретился с судьями Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республики. 4 мая 2019 года
    Мамлекет башчысы бардык кыргызстандыктарды жана Конституциялык палатанын судьяларын эртең, 5-майда, белгиленүүчү Конституция күнү менен куттуктады.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков встретился с судьями Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республики. 4 мая 2019 года
    Президент мамлекетте туруктуулукту камсыз кылууда Конституциялык палата чоң роль ойной тургандыгын белгиледи.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков встретился с судьями Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республики. 4 мая 2019 года
    Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров, судьялар Эмиль Өскөнбаев жана Курмантай Абдиев өлкө башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдиришти.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков встретился с судьями Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республики. 4 мая 2019 года
    Алар Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү, пландары жана милдеттери, кабыл алынган чечимдер тууралуу айтып беришти.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 5
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекеттин жашоосунда сот системасы өзгөчө орунга ээ жана өз ишмердүүлүгүн саясатташтырбастан туруктуулуктун, коомдун тазалыгынын кепилдиги катары таанылышы керек.

Президент мамлекетте туруктуулукту камсыз кылууда Конституциялык палата чоң роль ойной тургандыгын белгиледи.

"Биздин максат — элдин мамлекеттик бийликке карата жок болуп кеткен жана эки жолку революцияга алып келген ишенимин кайтаруу. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн биз ачык бийлик системасын, адам укугу сакталган таза коом курушубуз керек. Президенттен баштап ар бирибиз өзүбүздүн ак ниет, таза ишибиз менен үлгү көрсөтүшүбүз керек", — деди Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров, судьялар Эмиль Өскөнбаев жана Курмантай Абдиев өлкө башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдиришти. Алар Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү, пландары жана милдеттери, кабыл алынган чечимдер тууралуу айтып беришти.

Жолугушуунун соңунда президент Конституциялык палатанын судьяларына Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагын белек кылды.

Тема боюнча

Президент Жээнбеков урандын казылар-казылбасы боюнча үн катты
Белгилер:
адам укугу, судья, Конституциялык палата, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ