13:12 20 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги жыйынга келген ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлерин кабыл алды

Жээнбеков ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлерин кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
97 0 0

Мамлекет башчы уюмдун алдында кандай тапшырмалар турганын айтты.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги жыйынга келген ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлерин кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков принял участников заседания министров обороны государств-членов ОДКБ. 30 апреля 2019 года
    Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги жыйынга келген ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлерин кабыл алды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков принял участников заседания министров обороны государств-членов ОДКБ. 30 апреля 2019 года
    Президент министрлерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков принял участников заседания министров обороны государств-членов ОДКБ. 30 апреля 2019 года
    Мамлекет башчы дүйнөдө болуп жаткан глобалдык өзгөрүүлөр, уюмдун жооптуу зонасындагы өсүп жаткан коркунучтар жогорку деңгээлде биргелешип аракеттенүүнү талап кыларына көңүл бурду.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 3
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги жыйынга келген ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлерин кабыл алды

Президент министрлерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады.

"Советтер Союзу учурунда биргелешип, бири-бирибизге жардамдашып, аскерий коопсуздукту камсыз кылчубуз. Согуш мезгилинде биздин аталарыбыз жана чоң аталарыбыз ийин тийиштире мекенибиздин сакчылыгында турушкан. Азыр да биздин аймактарды тышкы агрессиядан жана терроризмден коргоо ЖККУнун башкы милдети болуп саналат", — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы дүйнөдө болуп жаткан глобалдык өзгөрүүлөр, уюмдун жооптуу зонасындагы өсүп жаткан коркунучтар жогорку деңгээлде биргелешип аракеттенүүнү талап кыларына көңүл бурду.

"Өлкөлөр алдында мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маанилүү милдеттер турат. Кыргызстан регионалдык интеграцияны, анын ичинде ШКУнун, КМШнын жана ЖККУнун алкактарындагы интеграцияны тереңдетүүгө өзгөчө маани берет. Жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн Кыргызстан уюмду өркүндөтүү боюнча ишти улантат", — деп белгиледи президент.

Ал эми ЖККУнун коргоо министрлеринин атынан Белоруссиянын коргоо министри Андрей Равков Сооронбай Жээнбековго ийгиликтерди каалады.

Президент менен жолугушууга ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков, ЖККУнун бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров, Армениянын коргоо министри Давид Тоноян, Белоруссиянын коргоо министри Андрей Равков, Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев, Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу жана Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо катышты.

Тема боюнча

Бишкекте 6 өлкөнүн коргоо министрлери чогулуп, коопсуздукту талкуулап жатышат
Белгилер:
жыйын, ЖККУ, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ