Шойгу: Россия КРде Афганистандын согушкерлерин токтотууга база даярдап жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын Коргоо министри Сергей Шойгу
Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын коргоо министри өнөктөштөргө аскер техникасы жана куралдануу, кадрларды окутуу жана аскердик даярдык боюнча жардам берүүнү айтты.

БИШКЕК, 30-апр — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги Афганистандан кирген согушкерлердин киришинин алдын алуу максатында Тажикстан менен Кыргызстандагы аскерий базаларында аскердик даярдыкты күчөтүп жатат. Бул туурасында РИА Новости коргоо министри Сергей Шойгуга таянып жазды.

Министр бул жөнүндө Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргонуу ведомстволорунун жетекчилеринин кеңешмесинде сүйлөп жатып айткан.

Анын айтымында, Афганистандын түндүк провинцияларынан жана алардын союздаштарынан согушкерлердин Борбор Азияга кирип келишинин алдын алуу максатында да башка чаралар кабыл алынууда.

"Бул максатта Тажикстан менен Кыргызстандагы аскерий базалардын аскердик даярдыгын күчтөндүрүп жатабыз. Эгерде бир нерсе болуп кетсе, кризистик абалда иштөө үчүн алардын потенциалын бекемдейбиз", — деди Шойгу.

РФтин коргоо министри аймактардагы өнөктөштөргө куралдуу күчтөрүн жаңылоо жана согуштук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатында жардам бериле тургандыгын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков экинчи жолу өтүп жаткан Бир алкак — бир жол форумуна катышты - Sputnik Кыргызстан
Президент Жээнбеков "Бир алкак — бир жол" форумунун ачылышына катышты
"Ири алдыда бул аскер техникасы жана куралдануу, кадрларды окутуу жана аскердик даярдыкка тиешелүү. Бүгүн эле (29-апр. — ред.) Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө Ми-8МТ тик учактарын жана БРДМ-2М аскер машинасын тапшырдык", — деди министр.

Ал сентябрь айында Донгуз (Оренбург облусу) полигонунда "Центр-2019" деп аталган машыгуу өтөрүн айтып, бул Борбор Азиядагылардын аскердик коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-чара экендигин кошумчалады. Машыгууга ШКУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлери да чакырылган.

Шойгу келерки жылы Россия ШКУга жетекчилик кыларын жана террорчулукка каршы кезектеги "Мирная миссия" деп аталган командалык-штабдык окууларды РФтин аймагында өткөрүүнү сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0