БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Ереванга учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 29-апрелде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана ЕЭКтин коллегиясынын төрагасынын катышуусу менен формалдуу эмес кечки тамак уюштурулат. Жолугушуулардын расмий бөлүгү 30-апрелде өтөт.
Абылгазиевди коштоп кеткендердин тизмеси:
- Жеңиш Разаков — вице-премьер-министр;
- Аликбек Жекшенкулов — Кыргызстандын Россиядагы элчиси;
- Олег Панкратов — экономика министри;
- Бакыт Шаршембиев — Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- Алмаз Оңолбеков — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
- Калысбек Жумаканов — Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы;
- Алмаз Сазбаков — Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги атайын өкүлү;
- Айбек Айдарбеков — КР президентинин аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы;
- Айбек Омокеев — тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы.