Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинди Кыргызстанга чакырды

Жазылуу
Жекшемби күнү Кытайда өтүп жаткан "Бир алкак — бир жол" форуму аяктайт.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпинь Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин жана өлкөнүн өнүгүп келе жатканына кубанарын айтты. Бул тууралуу Си Цзиньпинь менен Сооронбай Жээнбековдун Пекин шаарындагы жолугушуусунда сөз болгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Си Цзиньпинь "Бир алкак — бир жол" форумунун тегерек столундагы Сооронбай Жээнбековдун кечээки сөзү ага таасир калтырганын белгиледи.

"Былтыр сиздин Кытайга биринчи мамлекеттик визитиңиз ийгиликтүү өттү, биз анда эки өлкө ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк орногонун бирге жарыяладык. Биргелешкен аракеттер менен эки тараптуу мамилелер туруктуу өнүгүүдө, буга мен абдан кубанычтамын", — деди КЭР төрагасы.

Ошондой эле Си Цзиньпинь президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын июнь айында Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүү тууралуу чакыруусун кабыл алганын белгиледи.

Ал эми Жээнбеков жогорку деңгээлде уюштурулган "Бир алкак — бир жол" экинчи форумунун ийгиликтүү өтүшү менен кесиптешин куттуктады.

Анын натыйжалары дүйнө коомчулугу үчүн тарыхый мааниге ээ болоруна ишеним билдирип, мында КЭР төрагасынын жеке салымы бар экенин, демилге бардык катышуучу өлкөлөргө бакубатчылык алып келерин белгиледи.

"Ушул эки күн ичинде дүйнө жүзү сизден биргелешип өнүгүүнүн жана жер шарында бакубатчылыкты сактоонун жөнөкөй жана натыйжалуу жолдорун уга алды. Биз "Жашыл" жана "Чынчыл" Жибек Жолунун алкагында сиз сунуш кылган приоритеттерди толугу менен колдойбуз", — деди Жээнбеков.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков во время встречи с председателем КНР Си Цзиньпинем на сессии второго форума Один пояс — один путь в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков форумда Кытайдын Кыргызстан үчүн кандай кошуна экендигин айтты
Мамлекет башчылары эки тараптуу, ошондой эле ШКУнун алкагында дагы эки тараптуу кызматташтыктын болочогун талкуулашты.

Тактап айтканда, транспорт жана жолдор, анын ичинде темир жолдор коммуникациялары, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттер, коргоо жана коопсуздук чөйрөлөрүндө кызматташуу уланат.

Ошондой эле Кыргызстандан экологиялык жактан таза айыл чарба азык-түлүктөрүн Кытайга экспорттоону көбөйтүү, калкты таза суу менен камсыздоо жана ирригацияны өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар гуманитардык чөйрөдө, билим берүү жана туризм тармактарында кызматташтыкты активдештирүү зарылчылыгы тууралуу бирдиктүү көз карашын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0