07:53 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен соттук-укуктук реформаларды ишке ашыруу жолдорун талкуулады

Вице-премьер Разаков Евробиримдик өкүлү менен соттук-укуктук реформа боюнча сүйлөштү

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
59 0 0

Разаков кыргыз тарап санариптик трансформациялоо долбоорлорун ишке ашыруу, сот тутумун жана укук коргоо органдарын реформалоо боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айткан.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен соттук-укуктук реформаларды ишке ашыруу жолдорун талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 

Разаков соттук-укуктук реформалардын алкагында жаңы Кодекстерди жана мыйзамдарды киргизүүгө даярдык көрүүдө Евробиримдиктин институттарынын ролун белгилеп, анын негизги аспектилерине токтолуп өткөн.

"Кыргыз тарап санариптик трансформациялоо долбоорлорун ишке ашыруу, сот тутумун жана укук коргоо органдарын реформалоо боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар", — деген Разаков.

Буриан санариптештирүү боюнча долбоорлорду жүзөгө ашырууда кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдирген.

Тема боюнча

Жээнбеков: соттук процесстин видеосун каалаган адам көрө алгыдай болушу керек
Белгилер:
реформа, жолугушуу, Жеңиш Разаков

ЭҢ МААНИЛҮҮ