Абылгазиев айланасындагы таза эмес адамдардан арылмай болду

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Арапбаев айрым кишилер өкмөт башчыга көлөкө түшүрүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Депутат Азамат Арапбаев премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин айланасындагы айрым кишилер аны жаманатты кылып, берген тапшырмаларды так аткарбай, эптеп каражат өөнөп калууга аракет кылып жатканын айтып нааразы болду.

Бүгүн, 24-апрелде, премьер өкмөттүн 2018-жылы жасаган иштери боюнча отчет берүүдө.

Депутат Арапбаев премьер Абылгазиев учурунда Бишкекке "Шератон" мейманканасын салуу боюнча атайын токтомго кол койгонун, бирок тийиштүү документти өкмөт башчынын айланасындагылар создуктуруп дагы деле бербей жатканына токтолду.

"Өкмөт башчы катары жакшы аракет кылып иштеп жатасыз, бирок тегерегиңизде анча-мынча балдар бар. Алар бир нерсе алгыча документтерди берген жок. Тегерегиңизди тазалаңыз, атыңызды булгап жатат", — деди депутат.

Өз кезегинде Абылгазиев өлкөнүн имиджине таасир бере турчу бул долбоор боюнча өзгөчө шарт менен токтомго кол коюлганын айтты.

"Бул жерде миллиондогон долларлар турат. Эгер ошондой мисалдар болсо мага айтсаңыз, мен чара көрөйүн", — деди Абылгазиев.

Премьер өз кезегинде депутат менен жолугуп, бул боюнча толук маалымат алууга кызыкдар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0