Юстиция министри митингге чыккан КСДПчылар менен жолукту

© Фото / пресс-служба Министерства юстиции КРВстреча министра юстиции КР Марата Джаманкулова с представителями митингующих СДПК
Встреча министра юстиции КР Марата Джаманкулова с представителями митингующих СДПК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22-апрелде КСДП өкүлдөрү Юстиция министрлигинин алдына митингге чыгып, аны мыйзамсыз иштерге барды деп айыпташкан.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Юстиция министри Марат Жаманкулов мекеменин алдына митингге чыккан КСДПнын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 22-апрелде, КСДПнын өкүлдөрү Юстиция министрлигинин алдына митингге чыгып, аны мыйзамсыз иштерге барды деп айыпташкан.

Министр менен КСДПчылардын атынан депутат Асел Кодуранова, Мээрбек Мискенбаев, Кундуз Жолдубаева жана башкалар катышкан. Ал эми министрлик тараптан Жаманкуловдон тышкары анын орун басары Максатбек Есеналиев, юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын жетекчиси Эмир Зулпуев болду.

Жолугушууда КСДПнын өкүлдөрү партиянын маалыматтарынын өзгөртүлүшү боюнча маселени көтөрүп, министрликтин өкүлдөрү ал боюнча өз жүйөлөрүн айткан. Аны менен катар Сагынбек Абдрахмановдун мөөр басылбаган билдирүүсүнө түшүндүрмө берген.

"Мыйзамда билдирүүдө сөзсүз мөөр болсун деген талап жок, аны менен катар юридикалык тараптын мамлекеттик каттоосу тууралуу күбөлүктүн туп нускасын талап кылбайт", — деген министр.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карамушкина КСДПнын айланасындагы чуу боюнча: мындай бетпактыкты көргөн эмесмин
Ошол эле учурда эгерде партия кайра каттоодон өтө турган болсо, анын мөөрү жана күбөлүгүнүн түп нускасы талап кылынары белгиленген.

Эске салсак, Сагынбек Абдрахманов 3-апрелде КСДПнын съездин өткөрүп, саясий кеңеш бекитилип, партиянын төрагалыгына шайланган. Ал эми Алмазбек Атамбаев башында турган КСДПчылар үч күндөн кийин өз съездин өткөргөн. Юстиция министрлиги алардын дарегине Сагынбек Абдрахмановдон партиянын курамы, жетекчиси жана дареги алмашканы боюнча билдирүү келгенин маалымдаган. Ошол эле учурда киргизилген түзөтүү кайра каттоо эместигин билдиришкен. Өз кезегинде Атамбаев башкы прокурорго Юстиция министрлигине чара көрүү үчүн кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0