Этиканы бузду деп иштен алынган Искандаровдун ордуна Ботобаев дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековНазначение и увольнение чиновников
Назначение и увольнение чиновников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Каныбек Ботобаев Өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы чек ара маселелери боюнча атайын өкүл болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мэр города Балыкчи Алмаз Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Каттоо кызматынын башчылыгына Балыкчынын чуулуу мэри келди
Ага ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейинки өкүл Курбанбай Искандаров өз арызына ылайык кызматынан бошотулганы айтылган.

Бирок кийин өкмөт башчы Абылгазиев Искандаров мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганы үчүн иштен алынганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0